Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын
кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ
2-февраль 2021-жыл № 1/7 Баш-Кайыңды айылы
Баш-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жана малга төлөнө турган жайыт акынын баасын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайынды айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата 292 200 (эки жүз токсон эки мин эки жүз) сом планы бекитилсин.
- Жайыт комитетинин жайыт акысынан айыл өкмөтүнө түшкөн 3/1 бөлүгү жайын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын.
- Жайыт комитетинин Баш-Кайынды жана Большевик айылдарынын ар бир шартуу баш малга жаз айына 60 күнгө, жай айына -120 күнгө, күз айына -70 күнгө жалпысы- 250 күнгө жайытка мал жаюуга ар бир жылкыдан 90 сом, уйга 90 сом, топозго- 90 сом, кой-эчкиге -10 сом жана Ак-Сай өрөөнүндөгү жайытка мал жаюуда кыштоого жана жайлоого топозго-115 сом, жылкыга — 115 сом, кой — эчкиге -15 сом болуп жайыт акысы бекитилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Мусакановго тапшырылсын.
Төрага: Ж.Асеков