Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын ТОКТОМУ 2-февраль 2021-жыл № 1/6

Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин XVIII  чакырылышынын

кезектеги I сессиясынын

ТОКТОМУ

 

 2-февраль  2021-жыл                                № 1/6                                 Баш-Кайыңды айылы

 

 

Баш — Кайынды айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө жобону бекитүү  жөнүндө

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

 

  1. Баш-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүнө Бузуулар жөнүндө жобо бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго  тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                        Ж.Асеков


Баш-Кайыңды айыл аймагынын                                                                                                                айылдык Кеңешинин                                                  2-февраль 2021-жылдагы                                                                             № 1/6 токтому менен бекитилген

Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу

ЖОБО

  1. Жалпы жоболор.
  2. Ушул ЖОБО Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндөгү кодексинде ( мындан ары Кодекс) каралган Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын ( мындан ары Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
  3. Комиссия Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
  4. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
  5. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
  6. Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
  7. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комимссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
  8. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджеттен каралган каражаттардын эсебинене жүргүзүлөт.

 

  1. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
  2. Комиссия так санда 5 адамдан, комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
  3. Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет.
  • Жергиликтүү кеңештин депутаттары
  • Муниципалдык кызматчылар
  • Шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).

Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен даыйндалат.

  1. Жарандын коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто жана (же) жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
  2. Жарандын коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн соттун чечими менен аракетте жөндөмсүз жер аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган:
  • Соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же аракетке жабылбаган соттуулугу бар.
  • Акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган:
  • Медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөмү боло албайт.
  1. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
  2. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
  • Жарандык коодун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда.
  • Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо:
  • Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде
  • Күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз жер аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн табылганда
  • Медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
  • Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
  • Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
  • Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
  • Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
  • Жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
  • Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
  1. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандан он беш календарлык күндө кеч эмес бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганды жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
  3. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.

III. Комиссиянын ишинин тартиби

  1. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
  2. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.

Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылгандай болууга тийиш.

  1. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса Комиссиянын отуруму укуктуу болот.

Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

  1. Бузуулар жөнүндө ишти Комисся иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмесин аныктайт.
  3. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
  4. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып

а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат;

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29- беренеси);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.

б) ишти кароо  Комиссиясынын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

  1. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
  2. IV. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
  3. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
  4. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
  5. Комиссия мүчөлөрү:

Төмөндөгүлөргө милдеттүү:

  • Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
  • Бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
  • Жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
  • Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга;

Төмөнкүлөргө укуктуу:

  • Бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
  • Бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
  1. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөнкүлөргө милдеттүү:
  • Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
  • Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
  • Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
  • Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) о.э. Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
  • Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
  • Комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:
  • Өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерди Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
  • Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
  • Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары;
  • Бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
  • Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
  • Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
  • Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
  1. Комиссиянын катчыс, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
  • Бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосунда даярдоону уюштурат;
  • Өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
  • Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
  • Келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, о.э. бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында ( анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
  • Бузуулар жөнүндө протоколдорду, комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
  • Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жаткан адамдарды талаптагыдай ишти кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
  • Коммиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
  • Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
  • Аныктмалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
  • Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
  • Копмиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
  • Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
  • Бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт,

Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктаржы, актыларды өркүндөтүү боюбнча сунуштарды даярдайт;

  • Отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
  • Кодексте жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;

Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу  боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.

  1. Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:
  • Бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, о.э. күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормучунун туугандары болушса;
  • Иштин чечилишине тике жана кыйыр түрдө кызыкдар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерде кароого катышууга акысы жок.
  1. V. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
  2. Иш кагаздарын жүргүзүүгө  жалпы жетекчилик комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
  3. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
  4. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
  5. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндө кеч эмес жиберилиши керек.

Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда,

Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.

  1. Бузуу жазалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк аркылуу жүргүзүлөт. (Банктык төлөм эсеби берилет), ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болгондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоокерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, (банктык чыгымды кошуп эсептеп) атайын финансылык отчеттуулуктун документи толук эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын). Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам слынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет. Экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет. Кабыл алынган акча каражатын үч күндүк мөөнөт ичинде жергиликтүү бюджетке төгүп дүмүрчөгүн тиркейт.
  2. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт.
  • Бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
  • Отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн ирээтинде жайгаштырылган бардык документтер;
  • Ишти кароону жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
  1. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналында катар номурунун  жана келип түшкөн жылды камтыйт.
  2. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
  3. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
  4. Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат;
  • Бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
  • Айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
  • Бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы .
  1. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
  2. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда тизим боюнча архивге тапшырылат.
  3. Эсепке алуу журналдарды ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.

Обсуждение закрыто.