Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын ТОКТОМУ 2-февраль 2021-жыл № 1/2

Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин XVIII  чакырылышынын

кезектеги I сессиясынын

ТОКТОМУ

 

 2-февраль  2021-жыл                                  № 1/2                         Баш-Кайыңды айылы

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата  бюджетин бекитүү  жөнүндө

 

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

  1. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.

Киреше:

  • Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык — 4 340 600 сом.
  • Теңдештирилген грант — 6 238 000 сом

Баары :                                                         — 10 578 600

Чыгаша:

  • Башкаруу аппаратына                                   — 6 342 900  сом
  • Маданият тармагына                        — 2 041 500  сом
  • Билим берүү тармагына                                — 1 534  000 сом
  • Атайын каражат — 368 000 сом
  • Экономикалык маселелер — 292 200 сом

Баары:                                                          10 578 600 — сом

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2022-2023 — жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.

— 2022- жылга  Жергиликтүү киреше – 4 432 400 сом

Теңдештирилген грант – 6 264700 сом

Баары: – 10 697 100

— 2023 -жылга  Жергиликтүү киреше – 4 505 400 сом

Теңдештирилген грант – 6 340 100 сом

Баары: – 10 845 500 сом.

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтомун жетекчиликке алып, 2021-жылдын 25-январындагы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин жумуш орундарын аттестациялоонун жыйынтыктарын талкуулоо боюнча комиссиянынын отурумунун №1 протоколунун негизинде компьютерде иштеген 7 штаттык бирдигиндеги  айыл өкмөт кызматкерлерине 3 кызматкерге 15%,  4 кызматкерге 25% өлчөмүндө  зыяндуулук үчүн кошумча акы төлөнүп берилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                                         Ж.Асеков

Обсуждение закрыто.