Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/3
Баш-Кайыңды айылы 24- сентябрь 2020 -жыл
Баш-Кайыңды айылынын тургуну Бокоев Абдылдабектин арызын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айылындагы «Баш Дөбө» Сазан ууруларынын күмбөздөрү жайгашкан Дамбанын жанындагы ачык жерден авто унаа токтотууга жер аянтын бөлүп берүү боюнча арызды угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айылындагы «Баш Дөбө» Сазан ууруларынын күмбөздөрү жайгашкан Дамбанын жанындагы ачык жерден Баш-Кайынды айылынын түштүк чыгыш тарабынан авто унаа токтотууга жер аянтын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
- Тиешелүү документтерди даярдоо жана мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Мааметов, айыл өкмөтүнүн туризм экология жана инвестиция боюнча башкы адиси А.Касымалиева жана айыл аймагындагы милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жүктөлсүн.
Төрага: Ж.Асеков