Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын ТОКТОМУ № 2/2

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 2/2

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                       24- сентябрь 2020 -жыл

 

 

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Жумаков  Эдилбектин арызын кароо жөнүндө

 

Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Кара-Тал участкасынан жердин алдынан артезиан суусун айылга киргизүү боюнча сунушту угуп  жана  талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Баш — Кайынды айыл аймагына караштуу Кара — Тал участкасынан жердин алдынан артезиан суусун  айылга  киргизүү боюнча уруксат берилсин.

 

  1. Тиешелүү документтерди даярдоо жана мыйзам чегинде аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис А.Мааметов, айыл өкмөтүнүн туризм экология жана инвестиция боюнча башкы адиси А.Касымалиева  жана айыл аймагындагы “Шар-Акак” таза суу пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Э.Төлөковго милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                                              Ж.Асеков

Обсуждение закрыто.