Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/1
Баш-Кайыңды айылы 24- сентябрь 2020 -жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагында органикалык аймак уюштуруу боюнча сунушту кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагында органикалык аймак уюштуруу боюнча сунушту кароо боюнча угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагында “Баш-Кайынды органикалык аймагы” уюштурулсун.
- Баш-Кайыңды айыл аймагында органикалык айыл чарба азыктарын өндүрүү боюнча, айыл аймагындагы дыйкан фермерлерге малчыларга органикалык ыкма менен айыл чарба иштерин жүргүзүү жагы сунуш кылынсын.
- Органикалык аймакты уюштуруу боюнча тиешелүү документтер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн туризм экология жана инвестиция боюнча башкы адиси А.Касымалиевага тапшырылсын.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жүктөлсүн.
Төрага: Ж.Асеков