Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын ТОКТОМУ № 2/1

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

XVIII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 2/1

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                            19- март 2020 — жыл

 

 

Баш — Кайыңды айыл аймагында COVID -19  вирустун алдын  алуу   максатында Баш-Кайыңды айылдык кеңештин 2020-жылдын 6- мартындагы № 1/1 токтомуна өзгөртүү киргизүү  жөнүндө

 

Баш — Кайыңды айыл аймагында COVID -19  вирустун  алдын   алуу   максатында Баш-Кайыңды айылдык кеңештин 2020-жылдын 6- мартындагы № 1/1 токтомун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын  кезексиз II сессиясы  токтом кылат:

                                                         

  1. Баш -Кайыңды айыл аймагында COVID -19 вирустун  алдын   алуу   максатында Баш-Кайыңды айылдык кеңештин 2020-жылдын 6-мартындагы №1/1 токтомундагы Чыпай Асеков атындагы орто мектебине проектор, ноутбук алууга бөлүнгөн 50 000 (элүү миң) сом, 9-Май жеңиштин 75 жылдыгына карата бөлүнгөн 47 000 (кырк жети миң) сом төмөндөгүдөй бөлүнсүн.

 

 

  • Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга — 97 000 (токсон жети миң) сом

Баары:97 000 сом

 

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.

Төрага:                                                                                                         Ж.Асеков

Обсуждение закрыто.