Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ № 1/4
Баш-Кайыңды айылы 6- март 2020 — жыл
Баш — Кайыңды айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын берүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө
Баш — Кайыңды айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын берүү боюнча жобону угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезекеги I сессиясы токтом кылат:
- Баш — Кайыңды айыл аймагынын «Ардактуу атуул» наамын берүү боюнча жобо алымча кошумчасы менен бекитилсин. (1-тиркеме 2 барак)
- Бул токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин катчысы А.Токторовага тапшырылсын.
Төрага: Ж.Асеков
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын 6 — март 2020 — жылдагы № 1/4 токтомуна 1 тиркеме
«Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
ЖОБО
- Жалпы жобо
«Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы айылдын эң жогорку наамы болуп эсептелет.
Депутаттардын Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин чечими менен айылдын татыктуу инсандарга «Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып турат. Ага коомдук иштерге активдүү катышкан, айылдын кызыкчылыгын, намысын узак жылдар бою коргогон татыктуу адамдар ээ боло алышат.
«Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы төмөндөгүдөй инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
- Мурдагы СССРдин учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгектери үчүн орден, медалдар, Жогорку Кеңештин, Президенттин «Ардак грамотасы» менен сыйлангандар, баатырдык наамга ээ болгондор, көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштуулар, бардык багыт боюнча эмгек сиңирген ишмерлер, СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандар, өлкөнү коргоодо эрдиктерди көрсөткөн Ата Мекендик согуштун ардагерлери, интернационалдык милдетти аткаргандар эске алынуу менен айылдын, райондун, облустун жана республиканын чегинде жашагандыктарына карабастан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон эмгеги үчүн элге белгилүү болгондор.
- Айыл аймагынын намысын бийик көтөрүп, Эл арасында кадыр-баркка ээ, ынтымак, биримдикти чыңдагандар.
- Көп жылдар бою саламаттыкты сактоо, жаштарга билим тарбия берүүдө, мамлекеттик жана коомдук иштерде үзгүлтүксүз салым кошуп, элдин кадыр-баркына ээ болгондор.
- Айыл аймагынын айыл чарбасында үзүрлүү эмгектенип, үлгүлүү жактарын ар качан эл ичинде көрсөтүп келе жаткандар.
- Эл чыгармачылыгына, маданиятка, адабиятка, искусствого, дене тарбияга, жекече үлүшүн тынымсыз кошуп, тарбиялоо жаатында ишмердиги менен жогору айырмаланган атуулдар.
- Айыл аймагынын чегинде өзгөчө эрдиктерди көрсөтө алган, коомдук тартипти сактоого бөтөнчө үлүшүн кошкон, орден медалдардын жана башка мамлекеттик сыйлыктардын ээси болушкан атуулдар.
- Айыл аймагынын мекеме-ишканаларында беш жылдан кем эмес үзүрлүү жетектеп, чарбалык, экономикалык, социалдык-маданий жактан өнүгүүсүнө татыктуу салымын кошкондор.
- Айыл аймагынын социалдык-экономкалык өнүгүшүнө өзгөчө салымын кошкон чет элдик же Кыргыз Республикасынын бизнесмен, жеке ишкерлер жана дыйкан фермерлер.
- Мурда айыл аймагынын өнүгүшүнө баалуу салымын кошуп учурда эл журтка өз жүрүш-турушу менен үлгү боло алган, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоодо, жаштарды тарбиялоого жумшаган аракети жогору эмгек ардагерлери.
- Айылдык кеңешке 3 жолу депутат болуп шайлангандар
- Айыл аймагында жашаган Баатыр энелер
- «Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү тартиби
«Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына айылдык кеңеш менен бирдикте калктын жана мекеме-ишканалардын эмгек жамааттарынын жалпы чогулуштарынын токтомдору жана коомдук уюмдардын чечимдерине ылайык айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн комиссияга сунуш кылат. Комиссия «Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына талапкерлердин документтерин толугу менен толгондон кийин терең талдап ар бири боюнча комиссиянын чечимин даярдап, «Баш-Кайыңды айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Депутаттардын Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясынын кароосуна коюп 2/3 добуштук негизде «Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып, талапкерге жыйынтыгы билдирилет. Чечим чыккандан кийин Депутаттардын айылдык Кеңеши тарабынан «Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылгандыгы тууралуу күбөлүк салтанаттуу түрдө тапшырылат.
- Сыйлыкка көрсөтүү үчүн сунушка тиркелүүчү документтердин тизмегин төмөндөгүлөр камтыйт:
- Өздүк баракчасы сүрөтү менен;
- Талапкерди көрсөткөн жамааттардын чогулуштарынын токтому, айылдык Кеңештин чечими жана айыл өкмөтүнүн сунушу;
- Талапкердин өмүр баяны;
- Республикага, облуска, районго жана айылга сиңирген эмгектери жөнүндө справкалар;
- 3х4 өлчөмүндө 2 даана сүрөт;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
- Мамлекеттик сыйлыктарынын көчүрмөсү,
- Паспорттун көчүрмөсү;
- «Баш-Кайыңды айыл аймагынын ардактуу атуулу» айыл аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
- Айыл аймагынын ар кандай салтанаттуу жыйындарына ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
- Айыл аймагында кезексиз кабыл алынууга;
- Жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
Мүмкүнчүлүккө жараша көчө жана башка аймактарга наам берүүдө эске алынууга;