Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутатттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз I — сессиясынын ТОКТОМУ№ 1/1

Toktom-shapka

Баш-Кайыщды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутатттарынын

 XXVII чакырылышынын кезексиз

I — сессиясынын

 ТОКТОМУ№ 1/1

 Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жайыт комитетнин 2015-жылы аткарган  иштери жөнүндө

Баш-Кайыңды айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.Кадырманбетовдун докладдык отчетун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.Кадырманбетовдун 2015-жылы аткарган иштери белгиленсин.
  2. Баш-Кайыңды айыл аймагында жайыт пайдалануучуларга 1 сотыхына 10-00 сомдон бекитилсин.
  3. Баш-Кайыңды айыл аймагынын малы башка жактарга жайылгандар  үчүн кой- эчикиге 5(беш) сомдон, уйга — 60 (алтымыш) сомдон, жылкыга 80 (сексен) сомдон   бекитилсин.
  4. Баш-Кайыңды айыл аймагынын өзүбүздүн жерге баргандар  үчүн кой- эчикиге 16(он алты ) сомдон, уйга — 80 (сексен) сомдон, жылкыга 115(бир жүз он беш) сомдон   бекитилсин.
  5. Баш- Кайыңды айыл аймагынын Ак- Сай  өрөөнүндөгү жайыт  үчүн кой- эчикиге 25 (жыйырма беш ) сомдон, уйга -115(бир жүз он беш), топоз -115(бир жүз он беш) сомдон, жылкы — 115(бир жүз он беш) сомдон   бекитилсин.
  6. Малы башка айылдардын жайыт жерлерине баргандар ошол жердин жайыт комитетинен жайыт акысын төлөгөндүгү боюнча квитанция алып келинбесе, Баш-Кайыңды айыл аймагынын жайыт комитетинин тарифи боюнча төлөнсүн.
  7. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Нарын  облусунун   юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго  жүктөлсүн.

Төрага:                                                         Т.Жунусов

 

Добавить комментарий