Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын ТОКТОМУ № 1/1

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 1/1

 Баш-Кайыңды айылы                                                                            6- март 2020 — жыл

  Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата калган калдык 1 147 751(бир миллион бир жүз кырк жети мин жети жүз элүү бир) сом жана  2020-жыл башында жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөрдөн  түшкөн кошумча 900 000 (тогуз жүз миң) сом акча каражатын  кароо жөнүндө

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата калган калдык 1 147 751(бир миллион бир жүз кырк жети мин жети жүз элүү бир) сом жана 2020-жыл башында жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөрдөн түшкөн кошумча 900 000 (тогуз жүз миң) сом акча каражатын бөлүштүрүү макстында Баш — Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын   кезекеги I сессиясы  токтом кылат:

                                                         

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата калган калдык 1 147 751(бир миллион бир жүз кырк жети мин жети жүз элүү бир) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
  • Айыл аймагына мал камак салуу үчүн – 200 000 сом
  • Гараж салуу үчүн – 500 000 сом
  • Айыл өкмөтүнүн кызматтык авто унаасына запчаст алуу үчүн – 40000 сом
  • Айыл ичине көпүрөө салуу үчүн – 47 000 сом
  • Дары сепкич алуу үчүн – 150 000 сом
  • Айыл ичиндеги көчөлөргө шагыл төгүү үчүн – 169 851 сом
  • Ит атууга – 30 000сом
  • Айылдык кеңештин төрагасынын бир жылдык эмгек акысы үчүн- 9300сом
  • 17,25 соц. фонд төлөм – 1600 сом

Баары: 1 147 751 сом

  1. 2020-жыл башында жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн дагы башка төлөмдөрдөн түшкөн кошумча 900 000 (тогуз жүз миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнсүн.
  • Айыл өкмөтүнө чака, тряпка алуу үчүн – 10 000 сом
  • Чыпай Асеков атындагы орто мектебине интернтенке кошуу үчүн кабель алууга – 13 000 сом
  • Большевик айылындагы Аруузат бала бакчасына видео камера алуу үчүн -25 000 сом
  • Большевик айылындагы китепканага китеп алуу үчүн– 10 000 сом
  • А.Табылдиев атындагы орто мектебине проектор алуу үчүн -25 000 сом
  • Айыл өкмөтүнө компьютер, ноутбук алуу үчүн – 150 000 сом
  • А.Табылдиев атындагы орто мектебине ноутбук алуу үчүн -25 000 сом
  • Баш-Кайыңды айылындагы китепканага китеп алуу үчүн- 10 000 сом
  • Большевик айылындагы Асыл Башат таза суу бирикмесинин ремонт иштерине – 10 000 сом
  • Көпүрөгө турба алууга – 140 000 сом
  • Көчөлөрдү жарыктандырууга – 80 000 сом
  • Чыпай Асеков атындагы орто мектебине проектор, ноутбук алуу үчүн – 50 000 сом
  • Топо алуу үчүн уруксат алууга – 9 000 сом
  • Чыпай Асеков мектебине топ, сетка алуу үчүн – 16 000 сом
  • Таза суунун кызматкерлерине кийим алуу үчүн – 10 000сом
  • Токой чарбадан көчөттөрдү алуу үчүн – 20 000 сом
  • Чыпай Асеков мектебине тепкич алуу үчүн – 20 000 сом
  • 1 июнь балдарды коргоо күнүнө карата – 20 000 сом
  • Таза суунун башын тосуу үчүн – 55 000 сом
  • Айылдык кеңештин токтомдорун веб сайтка жайгаштыруу үчүн – 10 000 сом
  • 1С программасын коштуруу үчүн – 48 000 сом
  • А.Шадыбеков атындагы бала бакчанын ремонт иштерине – 20 000 сом
  • Спорт залдын ремонтуна сыр алуу үчүн – 15 000 сом
  • Ардактуу атуул наамын берүүгө күбөлүктөрүн жасатуу үчүн -20 000 сом
  • 9- май Жеңиштин 75 жылдыгына карата – 47 000 сом
  • Сатып алуу порталын окуу үчүн – 14 100 сом
  • Спорт – 27 900 сом

Баары: 900 000 сом

 

  1. 2020-жылга Аман Шадыбеков балдар бакчасынын ата — энелеринен түшкөн калдык 21 803 (жыйырма бир миң сегиз жүз үч) сом 50 тыйын акча каражаты бала бакчанын ысык тамак ашына жумшалсын.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Байказаковго тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                                             Ж.Асеков

Обсуждение закрыто.