Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын ТОКТОМУ № 6/2

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 6/2

 

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                     27 декабрь 2019-жыл

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын жайыт комитетинин  бюджетин  жана малга төлөнө турган жайыт акынын баасын  бекитүү жөнүндө.

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын  жайыт комитетинин 2020-жылга  292 200 (эки жүз токсон эки миң эки жүз) сом бюджетин жана малга төлөнө турган жайыт акынын баасын бекитүү боюнча угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясы  токтом кылат:

 

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жайыт комитетинин 2020-жылга 292 200 (эки жүз токсон эки миң эки жүз) сом бюджети бекитилсин.

 

  1. Жайыт комитетинин жайыт акысынан айыл өкмөтүнө түшкөн 3/1 бөлүгү жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга жумшалсын.

 

  1. Жайыт комитетинин Баш-Кайыңды жана Большевик айылдарынын ар бир шартуу баш малга жаз айына 60 күнгө, жай айы 120 күнгө, күз айы 70 күнгө жалпысы 250 күнгө жайытка мал  жаюуга  ар бир жылкыдан 90 сом, уйга 90 сом, топозго 90 сом, кой- эчкиге 10 сом болуп жайыт акысы бекитилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасы Мурсалы уулу Эркинбекке тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрага:                                                                                 Ж.Асеков

Обсуждение закрыто.