Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын ТОКТОМУ № 6/1

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 6/1

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                            27-декабрь 2019-жыл

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга  карата  бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Финансы бюджет боюнча  туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңештин сессиясы  токтом кылат:

 

  1. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айыл аймагынын салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.

Киреше бөлүгү

Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык- 3103,5сом

Тендештирилген грант — 6608,6 сом

Баары : 9712,1 сом

Чыгаша бөлүгү

Башкаруу аппаратына — 5542,1 сом

Маданият бөлүмүнө — 1227,5 сом

Билим берүү бөлүмүнө- 2282,3 сом

Атайын каражат -368,0 сом

Экономикалык маселелер (жайыт)-292,2 сом

Баары: 9712,1 сом

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетин 2021- 2022-жылдарга карата болжолдуу долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
  • 2021-жылга жергиликтүү киреше-3433,5сом ,Тендештирилген грант -6327,0

            Баары: 9760,5 сом

  • 2022-жылга жергиликтүү киреше -3537,5 сом,Тендештирилген грант- 6391,8 сом

            Баары: 9929,3 сом

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

 

Төрага:                                                                                 Ж.Асеков

 

Comments are closed.