Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/3
Баш-Кайыңды айылы 18 — ноябрь 2019 — жыл
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн алдында «Таза -Айыл» муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө.
Баш — Кайыңды айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Асековдун жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун сунуштарын угуп, ишкананын уставынын долбоору менен таанышып жана талкуулап, депутаттардын Баш — Кайыңды айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн алдында «Таза-Айыл» муниципалдык ишканасы уюшулсун.
- Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза — Айыл» муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
- Түзүлгөн ишкананын уставын Нарын облустук юстиция башкармалыгынан жана башка тиешелүү органдардан катоодон өткөрүү жагы «Таза — Айыл» муниципалдык ишканасынын башчысы Б.Молдоевго милдеттендирилсин.
- Аталган ишкананын штаттык бирдигин кароо жана каржы, чарбалык ишмердүүлүгүн аныктоо кийинки сессияга калтырылсын.
- Уюшулган ишканага ар тараптуу көмөк көрсөтүү жана бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.
Төрага: Ж.Асеков
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин кезексиз XVIII чакырылышынын V сессиясында бекитилген
Устав
“Таза айыл ” муниципалдык ишканасы
Баш-Кайыңды айылы
2019-жыл
«Таза айыл» муниципалдык ишканасынын Уставы
- Жалпы жоболору;
- «Таза айыл» Муниципалдык ишканасын уюштуруунун негизги максаттары жана ишмердуулугунун негизи;
- «Таза айыл» Муниципалдык ишканасынын укуктук абалы;
- Башкаруу жана ишти уюштуруу;
- Муниципалдык ишкананын мулктору жана каражаттары;
- Каржы жана чарбалык ишмердуулук;
- Карыз жана насыя, грант тартуу;
- Оперативдик жана бюджеттик пландаштыруу, эсеп жана отчеттуулук;
- Тарифтердин структурасы;
- Муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу.
- Жалпы жоболор:
- «Таза айыл» Муниципалдык ишканасы (мындан ары – муниципалдык ишкана) Баш-Кайынды айылдык аймагында муниципалдык ишкана болуп эсептелинет жана Баш-Кайынды айылдык аймагынын чарбачылык субьектиси катары уюштурулду.
- Муниципалдык ишкана – Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар жонундо», Кыргыз Республикасынын «Муниципиалдык менчик жонундо», Кыргыз Республикасынын «Оз алдынча башкаруу жонундо» мыйзамдарына жана Баш-Кайынды айыл аймагынын Баш-Кайынды айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган жергиликтуу жамааттын уставына, башка ченемдик укуктук актыларына жана ушул Уставга ылайык оз ишмердуулугун алып барат.
- Уюштуруучу документи болуп – муниципалдык ишкананын уставы болуп эсептелинет.
- «Таза айыл» муниципалдык ишканасын уюштуруучу болуп Баш-Кайынды айылдык аймагынын Баш-Кайынды айылдык кенеши болуп эсептелинет.
- Муниципалдык ишкананын иштоо мооноту чектелбейт.
- «Таза айыл» муниципиалдык ишканасынын чыгымдар сметасы жана штаттык бирдиги жетекчиси тарабынан сунушталып, уюштуруучу тарабынан бекитилет.
- Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон откон учурдан тартып оз иштерин жургузуу боюнча юридикалык жактын статусуна, укугуна жана милдетине ээ болот.
«Таза айыл» муниципалдык ишканасынын толук жана кыска аталышы: -кыргыз тилинде: «Таза айыл» муниципилдык ишканасы, кыскартылып аталышы: МИ «Таза айыл»;
-расмий тилинде: Муниципальное предприятия «Таза айыл»,
кыскартылып аталышы: МП «Таза айыл»;
- Муниципалдык ишкананын жайгашкан юридикалык дареги: Ат-Башы району, Баш-Кайынды айылы, Сабитакунов кочосу №28
- II. «Таза айыл» муниципалдык ишканасынын уюштуруунун негизги максаттары, милдети жана ишмердуулугунун негизи.
2.1. Муниципалдык ишкананын ишмердуулугунун негизи болуп айылдын ичин жашылдандыруу жана анны онуктуруу, айылдын ичин тазалыкта кармоо, кунумдук чыккан катуу таштандыларды тазалоо, жашыл маданий бактарды тигуу менен айыл ичин коркко келтируу,арык жана ирригациялык системаларды калыбыга келтируу, жаны ондоп куруу, эски оскон бак жана бадалдарды тазалоо, парк жана копчулук эс алчу жайларды калыбына келтируу жана уюштуруу, жол жана аллеяларды калыбына келтируу менен ремонттук иштерди алып баруу, жергиликтуу жамааттын экологиялык таза ынгайлуу шартта жашоосуна шарт тузууго умтулуу. Баш-Кайынды айылынын социалдык-инфраструктурасын жакшыртууга комок корсотуу. 2.2. «Таза айыл» муниципилдык ишканасын уюштуруу максаты болуп: Озунун ишмердуулугун негизинде коомдук керектуулорду канааттандыруу учун кызмат корсотуу, экономикалык рентабелдуу ишмердуулук жургузуу менен киреше табуу, муниципалдык мулкту аяр пайдалануу. 2.3. «Таза айыл» муниципалдык ишканкасы озунун максаттарына жетиш учун томондогу иштерди жузого ашырат:
-айылдын ичин корктондуруп жашылданддыруу;
-коп жылдык бак-дарак осумдукторду тигуу;
-кургаган бак-дарактарды кыркуу, аларды тилдируу жана сатуу;
-арык жана айылдынирригациялык системасын ондоо, курулуш иштерин жургузуу жана калыбына келтируу;
-жашылдандырылган жерлерди кору жана сактоо;
-айылдын ичинде тазалыкты сактоо, кунумдук – тиричилик таштандыларын чыгаруу;
-таштанды чогултуучу жайларды аныктоо жана аларды чыгарып турууну дайыма жузого ашыруу;
-парк жана эс алуучу жайларды калыбына келтируу, уюштуруу жана анын тазалыгын сактоо;
-айылдын экологиялык-таза ынгайлуу жашоо шартын уюштуруу;
-коп жылдык бак-дарак, бадал жана гул осумдукторун остуруу, аларды тигуу жана аларды остуруп кароодо жергиликтуу айыл тургундарына комок корсотуу;
-чарба уюштуруу;
-тен шартта юридикалык жана физикалык жактарга акылуу кызмат корсотуу;
-акылуу транспорттук кызмат корсотуу;
-кунумдук тиричилик таштандыларды чыгарууда физикалык жана юридикалык жактарга акы толотуу менен кызмат корсотуу;
-таштандыларды кайра иштетуу боюнча мини-комбинаттарды уюштуруу;
-курулуш материалдарын ондуруп чыгуу менен пилорама, столярдык цех жана башка социалдык – обьектилерди уюштуру;
-Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы жонундо» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» талаптарына ылайык жер устундогу курулуш материалдарын (шагыл, топурак, таш ж.б.) казып алуу, сатуу ж.б. ишмердуулукту жузого ашыруу;
-Муниципалдык ишкананын кызмат корсотуудо, активдердин амортизациясын эске алуу менен кеткен чыгымдарды толук калыбына келтируу;
-Жергиликтуу жана эл аралык коммерциялык, коммерциялык эмес уюмдар менен финансы каражаттарын тартуу, гранттык жардам алууу;
-Чарбачылык укугу менен откорулуп берилген мулкту сактоо, жаныртуу жана муниципалдык менчикти калыптандыруу;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, максаттарына, милдеттерине карама-каршы келбеген башка ишмердуулукторду ишке ашыруу.
- «Таза айыл» Муниципалдык ишканасынын укуктук абалы
3.1 «Таза айыл» Муниципалдык ишканасы мамлекеттик каттоодон откон мезгилден тарта юридикалык жак статусуна ээ болот.
«Таза айыл» Муниципалдык ишканасы озунун максатына жетиш учун томондогулорго укуктуу:
-Акы алуу менен юридикалык жана жеке жактарга кызмат корсотууго;
-Негизги жана жугуртмо каражаттарына жана озунун балансындагы мулкко ээ болууга жана пайдаланууга;
-Кыргыз Республикасынын жана чет олколук банк мекемелеринде эсеп-кысап (сом, чет олколук валюта турундо) жана башка счетторду ачууга;
-Озунун балансында чагылдырылган обочолонгон мулкко жана кызмат корсотуудо толонгон акча каражаттарына ээ болууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мулктук, жеке мулктук эмес укук – милдеттерге ээ жана соттордо доогер жана жоопкер катары талабын коргоого;
-Озунун толук аталышы менен мамлекеттик жана орус тилдеринде моору жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык озунун штампы жана бланкаларын жасатуу менен колдонууга;
-филиал жана окулчулукторду ачууга;
-кызмат корсотуу келишими аркылуу жумушчуларды коомдук иштерге тартууга;
-акы толоо менен корсотулуучу кызматтардын акысынын олчомун жергиликтуу кенешке сунуштоо;
-Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык кызматка алууга жана аны бошотуу шарттарын аныктоого;
-оз алдынча адистерди кабыл алуу, тандоону жургузууго;
-штаттык кундолук боюнча, чыгымдардын сметасына ылайык кызматтык акылардын коломун уюштуруучуга сунуштоого;
-Ички кызматтык инструкция жана жоболорду иштеп чыгууга;
-Эл аралык, коомдук, коммерциялык эмес уюмдар менен тийиштуу келишимдерди тузууго.
3.2. Муниципалдык ишкана мамлекеттин милдеттемелери учун, мамлекет Муниципалдык ишкананын милдеттемелери учун жооп бербейт. Мыйзамда корсотулгон учурдан тышкары муниципалдык ишкананын ишмердуулугуно мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын кийлигишуусу, ошондой эле муниципалдык ишкана мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдардын ишмердуулугуно кийлигишуусуно тыюу салынат. 3.3. Муниципалдык ишкана Баш-Кайынды айылдык аймагынын алдында тузулуп жатканга Баш-Кайынды айылдык аймагынын Баш-Кайынды айыл окмоту муниципалдык ишкананын милдеттенмелери боюнча толук жоопкерчиликтуу. 3.4. Муниципалдык ишкана озунун акча каражаттары жана мулку менен милдеттемелери учун жооп берет.
- Башкаруу жана ишти уюштуруу
4.1. Муниципалдык ишкананын башкаруу органы болуп – Баш-Кайынды айыл окмоту болуп эсептелинет.
Баш-Кайынды айыл окмоту муниципалдык ишкананын башкарууга байланышкан маселелерин:
-анын ичинен уставга озгортуу, толуктоолорду киргизууну, муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча маселени Баш-Кайынды кенешке сунуштоо;
-жылдык каржы отчетту, киреше жана чыгашалардын сметасын бекитууну сунуштоого;
-муниципалдык ишкананын приоритеттуу ишмердуулук багыттарын аныктоо;
-таштанды топтолуп чыгарулуучу жерлерин аныктоо;
— келечекте эс алуучу жайларды, коп жылдык бак дарактарды тигуучу жерлерди аныктоо;
-муниципалдык ишкананын мулкун пайдаланууну козомолдоого;
-муниципалдык ишкананын ишмердуулугуно козомолдук жургузуу;
-озунун буйрук, тескемелери менен муниципалдык ишканага тапшырмаларды жуктоо, анын аткарылышын козомолдоо;
-муниципалдык ишкана менен башка уюмдардын ортосунда мамилелерди тескоо жана муниципалдык ишкананын ишмердуулугун осушуно шарт тузуп берууго милдеттуу.
4.2. Муниципалдык ишкананын ишмердуулугу боюнча Баш-Кайынды айыл окмоту толук жоопкерчиликтуу болуп эсептелинет.
4.3. Муниципалдык ишкананын кунумдук ишмердуулугун – директор жетектейт. Муниципалдык ишкананын директору Баш-Кайынды айыл окмотунун буйругунун негизинде жумушка алынат жана Баш-Кайынды айылдык кенешинин депутаттарынын учтон экисинин макулдугу менен кызматтан четтетилет.
— Муниципалдык мекеменин директорлугуна талапкер жогорку билимдуу болууга тийиш, айылдык кенешинин депутаты жана башка кызмат менен айкалыштырууга мумкун эмес.
4.4. Муниципалдык ишкананын директору:
- Муниципалдык ишкананын ишмердигине жетекчиликти ишке ашырат;
- Муниципалдык ишкананын уюштуруу жана каржы-чарбалык ишмердигине жетекчилик кылат;
- Озунун ыйгарым укугунун чегинде муниципалдык ишкананын мулкун жана каражаттарын башкарат;
- Муниципалдык ишкананын аппаратынын кызматкерлерин жумушка алат жана бошотот;
- Бухгалтердик оперативдуу жана статистикалык эсептерди жургузууну уюштурат жана анын ырастыгына жооп берет;
- Банк мекемелеринде эсеп-кысап счетун ачат;
- Муниципалдык ишкананын атынан жарандык-укуктук бутумдорду тузот;
- Муниципалдык ишкананын кызыкчылыгынын окулчулугуно бутум тузууго ишеним кат берет;
- Муниципалдык ишкананын ишмердигинин маселелери боюнча озунун компетенциясынын чегинде буйрук чыгарат;
- Ишканалар, мамлекеттик органдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен оз ара катышта муниципалдык ишкананын кызыкчылыгын ишеним катсыз корсотот;
- Баш-Кайынды айылдык кенешинин жана Баш-Кайынды айыл окмотунун чечимдерин аткарууну камсыз кылат;
- Уюштуруучунун компетенциясына киргенден тышкары, башка муниципалдык ишмердигинин маселелерин чечет;
4.5. Муниципалдык ишкананын директору ай сайын озунун ишмердуулугу боюнча тиешелуу органдарга жана квартал сайын Баш-Кайынды айылдык кенешине жалпы ишмердуулук боюнча отчет берууго милдеттуу жана алардын алдында ага жуктолгон милдеттерди аткарбагандыгы учун жооп берет. 4.6. Ушул Уставда каралган ишмердикти ишке ашыруу учун муниципалдык ишкананын аппаратынын штатын бекитуу жана керектуу адистерге штат ачуу боюнча Баш-Кайынды айыл окмотуно кайрылууга укуктуу; 4.7. Жарандык бутумдук келишимдин негизинде жумушчуларды жалдай алат. 4.8. Коомдук иштерди аткаруу боюнча тиешелуу органдарга кайрылып тазалык кундорун откозууго укуктуу.
- Миниципалдык ишкананын мулктору жана каражаттары
5.1. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык озуно таандык мулкко жана каражаттарга чарба жургузуу укугу менен ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескоо жургузот. Тескоо жургузуудо Баш-Кайынды айылдык кенештен макулдугунун негизинде гана жузого ашыра алат. 5.2. муниципалдык ишкананын мулкунун жана каражаттарынын тузулуу булактары томонкулордон турат:
- Жергиликтуу бюджеттен ассигнацияланып каржыланган каражаттан;
- Ондуруштук чарбалык ишмердуулугунон тушкон каражаттардан;
- Корсотулгон кызматтардан тушкон каражаттардан;
- Банктык уюмдардан алынган ссуда, насыяга алынган каражаттардан;
- Жеке жана физикалык жактар тарабынан кайрымдуулук эсебинде откорулуп берилген мулк жана каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка кирешелерден;
5.3. Тушкон акча каражаттары муниципалдык ишкананы тейлеген банктардын эсебине которулат. 5.4. Муниципалдык ишкананын каражаттары жана мулктору муниципалдык мулк болуп эсептелинет, аны башкаруу жана тескоо ушул болуктун 1-болугундо корсотулгондой чарба жургузуу укугу менен гана жонго салынат. 5.5. Муниципалдык ишкананын ишмердуулугунон тушкон киреше жана пайда тиешелуу салык жана толомдорду толоп буткондон кийин толук ишкананын эсебинде калат жана Баш-Кайынды айылдык кенештин чечиминин негизинде ишкананын келээрки жылдагы оперативдик жана бюджеттик пландарына жумшалат; 5.6. Муниципалдык ишкананын мулку жана каражаттары томонку иш чараларды аткарууга пайдаланылат жана жумшалат:
- Муниципалдык ишкананын Уставдык максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга.4
- Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысына;
- Муниципалдык ишкананын ишмердуулугуно керектуу мулкторду, каражаттарды, жабдыктарды жана инвентарларды сатып алууга;
- Баш-Кайынды айылдык кенештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына карама-каршы келбеген максаттарга.
5.7. Муниципалдык ишкананын озунун ишмердуулугун жонго салуу менен туруктуулугун туптоо максатында Баш-Кайынды айылдык кенешинин чечиминин негизинде тиешелуу ( онугуу, резервдик, керектоо, материалдык ж.б.у.с.) фонддорду аууга укуктуу.
- Каржы жана чарбалык ишмердуулук
6.1. Муниципалдык ишкана озунун каржы чарбалык ишмердуулугун чарба жургузуучу уюм (хозрасчетная организация) катары алып барат. Уставка ылайык бюджеттик жана чарба жургузуучу уюмдар, жеке жактар менен келишимдик негизде кызмат корсотуп каражат таба алат; 6.2. Ишмердуулугундо тушкон заказдарды базар баасында аткарууга укуктуу; 6.3. Баш-Кайынды айылынын тазалыгын сактап, кочо, тратуарларды шыпырып тазалоо боюнча коомчулукту коомдук иштерге тарта алат;
6.4. Жарандык укуктук келишимдин негизинде кызмат корсотуу келишимге ылайык жумушчуларды тартууга укуктуу; 6.5. Муниципалдык ишкана штаттык кундолугуно жана сметасына ылайык киреше жана чыгашаларын жонго салуу боюнча иштерди аткарат. 6.6. Тазалыкты кармоо боюнча жоболорду иштеп айылдык кенешке сунуштоого укуктуу; 6.7. Тазалыкты сактоо жана кочолордогу таштандыларды чыгаруу боюнча графиктин негизинде иш алып барат.
- Карыз жана насыя, грант тартуу
7.1. Муниципалдык ишкана Уставдык максаттарга жетиш учун карыз жана насыя каражаттарын Баш-Кайынды айылдык кенештин макулдугунун негизинде тартууга укуктуу. Баш-Кайынды айылдык кенеши насыя жана карыз келишимдеги баардык шарттарын бектитет. 7.2. Муниципалдык ишкананын Уставдык максаттарына жетиш учун гранттык каражаттарды тартуу ишмердуулугу приоритеттуу ишмердуулук болуп эсептелинет. Тартылган гранттык каражаттар Баш-Кайынды айыл окмоту тарабынан шарттары макулдашылып Баш-Кайынды айылдык кенеши тарабынан муниципалдык мулк катары реестрге катталышы керек.
- Оперативдик жана бюджеттик пландаштыруу, эсеп жана отчеттулук
8.1. Муниципалдык ишкана жыл сайын Баш-кайынды айылдык кенешке оперативдик жана бюджеттик планын, аткаруу графигин жана моонотун бекиттирип турууга милдеттуу; 8.2.Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык оперативдуу эсеп жургузот. 8.3. Муниципалдык ишкана ар бир кварталдын аягында жана жылдын аягы боюнча тузулгон бюджеттик жана оперативдик башкаруу планы, баланс, аткаруу графиги мооноту боюнча Баш-Кайынды айылдык кенешке отчет берип турууга милдеттуу; 8.4. Бухгалтердик эсептердин, финансылык документтердин, отчеттуулуктун башка формаларынын журушу, берилиши учун миниципалдык ишкананын директору жооп берет; 8.5. Муниципалдык ишкананын биринчи каржы жылы анын катталаган кунунон башталат, кийинки календарга ылайыкталат.
- Тарифтердин структурасы
9.1. Жалпы айыл тургундарына жана юридикалык жактарга кызмат корсотуу тарифтери муниципалдык ишкананын директору тарабынан тузулуп Баш-Кайынды айылдык кенеши тарабынан монополия каршы саясат жургузуучу ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган сон бекитилет; 9.2. Кызмат корсотуу тарифтеринин колому озун толук актоо принциби менен аныкталып, актоо коломунон жогору аныкталышы керек; 9.3. Тарифтердин коломун озгортуу шартты 9.1.-болугундо каралган тартип менен жонго салынат.
- Муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
10.1 Муниципалдык ишкананы кайра уюштуруу (биригуу, кошулуу, болунуу) Баш-Кайынды айылдык кенешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жузого ашырылат. 10.2. Муниципалдык ишкананын ыйгарым укуктары жана милдеттери кайра уюштурууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде анын укук муракорлоруна отот. 10.3. Муниципалдык ишкана жоюлган учурда ( соттун чечими менен жоюулудан тышкары) уюштуруучу атайын жоюу комиссиясы тузот. Жоюу комиссия муниципалдык ишкананын жоюлуу шарттарын, моонотун аныктайт. Жоюу комиссия тузулгон учурдан баштап ага муниципалдык ишкананын иштерин башкаруу ыйгарым укуктары отот. Жоюу комиссиясы учунчу жактар менен муниципалдык ишкананын атынан катышат. Жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык муниципалдык ишканага, анын жумушчуларына, учунчу жактарга келтирилген чыгаша жана зыян учун жоопкерчилик тартат. 10.4. Муниципалдык ишкананы жоюуда насыя беруучулордун кызыкчылыктары канааттандырылгандан калган мулк Баш-Кайынды айыл окмотунун балансасына толук отот. 10.5. Муниципалдык ишкана мамлекеттик реестрге тиешелуу жазуу киргизилгенден баштап жоюлду деп эсептелет. 10.6. Уставда каралбай калган кайра уюштуруу жана жоюу шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жонго салынат.
- Корутунду жоболор
11.1 Ушул Устав мамлекеттик каттоодон откондон баштап кучуно кирет. 11.2. Уставга толуктоо жана озгортуулорду киргизуу Баш-Кайынды айылдык кенешинин компетенциясына кирет. Уставка киргизилген толуктоолор жана кошумчалар мамлекеттик каттоодон откон учурдан баштап кучуно кирет. 11.3 Уставда каралбай калган маселелер Баш-Кайынды айылдык кенештин чечими менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечилет. 11.4. Ушул Уставдын жоболорунун бири жараксыз болуп калса, анда ал башка жоболорго залал келтирбейт.
Баш-Кайынды айылдык
Кенешинин торагасы: Ж. Асеков