Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/2
Баш-Кайыңды айылы 18- ноябрь 2019 -жыл
Баш — Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун жана Ат — Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 8 — октябрь 2019-жылдагы № 58 катын кароо жөнүндө.
Баш — Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун жана Ат — Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 8-октябрь 2019-жылдагы № 58 каты боюнча талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагында шайлоочулардын саны 2719 шайлоочудан ашкандыктан Баш-Кайыңды айыл аймагындагы шайлоо участогу эки участок болуп бөлүнсүн.
- Баш — Кайыңды шайлоо участогун мыйзам талаптарына ылайык экиге бөлүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Мааметовго милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш — Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.
Төрага: Ж.Асеков