Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/1

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын

 ТОКТОМУ № 5/1

 Баш-Кайыңды айылы                                                                          18-ноябрь   2019 -жыл

 

 Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе -эшиктерин алмаштыруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө.

 

 

Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе- эшиктерин алмаштыруу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин  депутаттарынын  XVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы  токтом кылат:

 

 

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагына караштуу Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе — эшиктерин алмаштыруу боюнча кайрылуусу канааттандырылсын.

 

  1. Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин терезе- эшиктерин алмаштыруу боюнча республикалык дем берүүчү грантка  сунушталган долбоордун өздүк салымын  207789 (эки жүз жети миң жети жүз сексен тогуз) сомун жергиликтүү бюджеттин келерки 2020-жылдын бюжеттен сурап бекитүү жагы каралсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Баш — Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы — экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

Төрага:                                                                     Ж.Асеков

Обсуждение закрыто.