Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясынын ТОКТОМУ № 4-8

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 4-8

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                9 — октябрь   2019 -жыл

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун кароо   жөнүндө.

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV-сессиясынын депутаттары   айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап   токтом кылат:

 

  1. Айыл чарба багытындагы сугат айдоо жерлеринин категориясынан калктуу конуштун жерлеринин категориясына  (трансформациялоо) жөнүндө Баш — Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Баш-Кайыңды айылынын тургундарына менчик турак жай куруу үчүн  Кыргыз Республикасынын мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп, же айыл өкмөтүнүн тиешелүү чечимдери  бар  болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторунан которуунун (трансформациялоо) убактылуу тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №512 токтомуна ылайык жана Эл депутаттарынын Баш — Кайыңды айылдык Кеңешинин ХХV-  чакырылышынын Х — сессиясынын 19 — март 2007-жылдагы чечим №10/2 нин нгезинде Баш — Кайыңды айылынын кеңейтүүсүнө калтырылган 2,87га , жалпы 82,97га айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан калктуу конуштун жерлеринин категориясына которулсун.
  2. Жогорудагы айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан калктуу конуштун категориясына которуп берүү жагы жогорку органдардан суралсын.

 

 

 

 

 

Төрага:                                                                                Ж.Асеков

Добавить комментарий