Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги IV-сессиясынын
ТОКТОМУ № 4/6
Баш-Кайыңды айылы 9 — октябрь 2019 -жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун кайрылуусу жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун кайрылуусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
- 2019-жылы дан эгинге айдалган 58 (элүү сегиз) га арпа аба — ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам бышпай калгандыктан чөпкө чабылгандыгы анык.
- Чөпкө чабылган 58 (элүү сегиз) га арпаны отчеттон чыгаруу жагы райодук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн суралсын.
- Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Ж.Каналиевге тапшырылсын.
Төрага: Ж.Асеков