Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз IIIсессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы № 3/1 28-апрель 2016-жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Шадыбеков Урматтын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткарыла турган иштери жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Шадыбеков Урматтын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткарыла турган докладдык отчетун угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Шадыбеков Урматтын 2015-жыл ичинде аткарган иштери жана 2016-жылга аткарыла турган иштери канаатандырарлык деп табылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.
Төрага: Т.Жунусов