Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги IV- сессиясынын ТОКТОМУ № 4/3

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги  IV— сессиясынын

 ТОКТОМУ № 4/3

 Баш-Кайыңды айылы                                                                9 октябрь 2019 -жыл

  

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджеттен пайдаланылбай калган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын  керектелүүчү статьяга жылдыруу жөнүндө.

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын токтому № 8/1 24-декабрь 2018-жылдагы жергиликтүү бюдеттин аппарат бөлүмүндөгү статья 3111 сооруженияга каралган 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыгына байланыштуу керектелүүчү статьяларга төмөндөгүдөй бөлүнсүн.

 

  • Айыл өкмөтүнүн имаратына кабельный интернет киргизүү үчүн — 68 800 (алтымыш сегиз миң сегиз жүз) сом
  • Айыл өкмөтүнө компьютер алуу үчүн -30 200 (отуз миң эки жүз) сом
  • Түшүм майрамын өткөрүү үчүн — 40 000 (кырк миң) сом
  • Баш-Кайыңды жана Большевик айылдарынын табличкасы жок көчөлөрүнө табличка жасатуу үчүн  — 36 000 (отуз  алты миң) сом
  • Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы орто мектебине видое камера алуу үчүн -25 000 (жыйырма беш миң) сом

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

            Төрага:                                                                                 Ж.Асеков

Comments are closed.