Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезексиз III-сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/3
Баш-Кайыңды айылы 19- август 2019 -жыл
Баш – Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 2 854 400 сом, 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 2 918 200 сом, мамлекет тарабынан берилүүчү гранттын көлөмү 6 720 200 сом, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 2 983 900 сом, мамлекет тарабынан берилүүчү гранттын көлөмү 7833700 сом болжолдуу проектисин бекитүү жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш – Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 2 854 400 сом , 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 2 918 200 сом, мамлекет тарабынан берилүүчү гранттын көлөмү 6 720 200 сом, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү 2 983 900 сом, мамлекет тарабынан берилүүчү гранттын көлөмү 7833700 сом болжолдуу проектисин бекитилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Баш – Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы — экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасынын
орун басары: Ж.Асеков