Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын ТОКТОМУ№ 4/5

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XXVII чакырылышынын  кезексиз 

IV сессиясынын

 ТОКТОМУ№ 4/5

 Баш-Кайыңды айылы                                                                          16 май   2015 жыл

  Баш-Кайыңды айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин токтомдорун  мамлекеттик тилде  гана кабыл алуу жөнүндө.

Баш-Кайыңды айыл аймагында  мамлекеттик тилди билген  адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26- беренесине ылайык, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде  гана кабыл алынсын.
  2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан катоодон өткөрүлүп, веб-сайтына жарыялансын, жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                       Т.Жунусов

Добавить комментарий