Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII— чакырылышынын кезектеги II-сессиясынын
ТОКТОМУ № 2/3
17-февраль 2016-жыл Баш-Кайыңды айылы
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө.
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
2016-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Киреше:
- Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык -1415,7 сом.
- Теңдештирилген грант -5827,0 сом
Баары: -7242,7 сом
Чыгаша:
- Башкаруу аппаратына -4326.0 сом
- Маданият тармагынын -938.4 сом
- Билим берүү тармагына -1978,3 сом
Баары: -7242,7 сом
- Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин типтүү штаттын бирдигине ылайык кызматкерлердин айлык акысы 14 айлык ченемде расчетторго ылайык түзүлүп берилсин.
Эмгек акы 3402,7 мин сом бекитилсин.
Соц.фонд 514,1 мин сом бекитилсин.
- Электр энергияга болгон төлөм — 1 500 000 сом бекитилсин.
- Көмүр үчүн -151 800 сом бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн телефон байланышы үчүн- 10 000 сом бекитилсин.
- Командировкалык чыгымдар үчүн -25 000 сом бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө конц.товар алуу үчүн -35 000 сом бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнө чака, тряпка алуу үчүн- 5000 сом бекитилсин.
- Туб.оорусуна дары дармектер үчүн -5000 сом бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн ГСМ үчүн -35 000 сом бекитилсин.
- Шырдак көргөзмөсү үчүн- 10 000 сом бекитилсин.
- Көчмөндөр оюну үчүн -10 000 сом бекитилсин.
- М.+мүракунов көчөсүнө таза суу киргизүү үчүн -50 000 сом бекитилсин.
- Даталуу күндөр үчүн (23-февралга 5 000 сом, 8-мартка 10 000 сом, 9-майга 15 000 сом, Энелер күнүнө 10 000 сом. 31-августка 10 000 сом, Карылар күнүнө 15 000 сом, Майыптар күнүнө 15 000сом) 80 000 сом бекитилсин.
- Ч.Асеков атындагы мектептин 1 классына инвентар алуу үчүн-30 000 сом бекитилсин.
- СПА -25 000 сом бекитилсин.
- Таза сууга болгон төлөм – 15 000 сом бекитилсин.
- Экологияга болгон төлөм – 10000 сом бекитилсин.
- Ч.Асеков атындагы орто мектебинин ашканасына ПРООН проектисин өздүк салымы үчүн -118 000 сом бекитилсин.
- Спорт оюндарын өнүктүрүү үчүн- 24 000сом бекитилсин.
- МЧС үчүн — 5 000сом бекитилсин.
- Д.Асановдун эстелигин алып келип орнотуу үчүн- 50 000сом бекитилсин.
- Айылдык мечитке дааратканасын ремонтто үчүн — 14070 сом бекитилсин.
- Большевик айылынын борбордук көчөлөрүнө түнкү чырактарды орнотуу үчүн 40 000сом бекитилсин.
- Айыл ичиндеги ички көчөлөргө труба алуу үчүн- 80 000сом бекитилсин.
- Жайыт комитетине проекти жазуу үчүн өздүк салымга -300 000сом бекитилсин.
- Айыл вет.клиника салуу үчүн өздүк салыга — 100 000 сом бекитилсин.
- Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн өздүк архивге кабинеттин ички ремонту үчүн- 25 000сом бекитилсин.
- Баш-Кайыңды айылындагы А.Шадыбеков атындагы балдар бакчасына жана Аруузат балдар бакчасынын тамак ашына -50 000сом бекитилсин.
- Айылдык Кеңештин сессиясынын токтомдорун веб-сайтка жарыялоо үчүн -4000 сом бекитилсин.
- АПУ – 7000 сом бекитилсин.
- Айыл өкмөтүнүн подшивкасы үчүн- 4000 сом бекитилсин.
- К.Сопакунов атындагы айылдык клубдун ичики ремонту иштери үчүн -100 000сом бекитилсин.
- Айыл өкмөтүндөгү китепканага инвентар жана китептерди алуу үчүн -62 000сом бекитилсин.
- Айыл ичиндеги жамандык жакшылыкка боз үй сатып алуу үчүн- 25 000сом бекитилсин.
- Квитанция үчүн – 5000 сом бекитилсин.
- Ч.Асеков атындагы орто мектебинин спорт залына кабель тартуу үчүн -12 992 сом бекитилсин.
- Большевик айылындагы Сай участкасынын ген.планын жана Баш-Кайыңды айылындагы эски мончонун ген.планын чийдирүү үчүн архитектурага -53 000сом бекитилсин.
- А.Шадыбеков атындагы жана Аруузат балдар бакчасына ата – энелерден түшкөн -250 000 сом акча каражаты кириштелип бул каражаттар балдардын ысык тамагына жумшалсын.
- 2017-2018жылдарга жергиликтүү бюджеттин планы болжолдуу бекитилсин.
- Электр энергияга берилген лимитке жетпей калган акча каражатын кошумча жыл ичинде айылдык кеңештин сессиясында каралып, акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.
Төрага: Т.Жунусов