Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын ТОКТОМУ №4/1

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ №4/1

 Баш-Кайыңды айылы                                                                  1-июнь   2018 -жыл

 «Жер  фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 3-март 2014-жылдагы  №114 токтому   менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн жер фондусун инвентаризациялоо матtриалдарын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин негизинде Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин депутаттарынын  сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 3-март 2014-жылдагы №114 токтому   менен бекиген Жобого ылайык «Кыргызмамжердолбоор» институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдагы №32 буйругу менен түзүлгөн жер фондусун  инвентаризациялоо  жөнүндөгү   жумушчу  топ   комиссиясынын  15- май  2018-жылдагы  Актысы бекитилсин (акт тиркелет).

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

 Төрага:                                                                    А.Бокоев


Жер фондун инвентаризациялоо жөнүндө

АКТ

15- май 2018-жыл

Нарын облусу  Ат-Башы району Баш-Кайыңды айыл  аймагынын   айыл өкмөтү

  1. Бул акт Нарын облусунун Ат-Башы районунун  Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн 05.04.2017-жылдын №35-б буйругуна ылайык жер фондун  инвентаризациялоо боюнча төмөнкү курамындагы жумушчу топ комиссия  түзүлдү:

 

Жумушчу топтун   (комиссиянын) жетекчиси:

А.Мааметов                                       Айыл өкмөтүнүн жер адиси комиссиянын төрагасы

Жумушчу топтун   (комиссиянын) мүчөлөрү:

К.Кадырманбетов                            Жайыт комитетинин төрагасы

Ж.Каналиев                                       Айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча боюнча жер адис

Ж.Асеков                                            Айылдык кеңештин депутаты

Ч.Сагындыков                                   Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын топ жетекчиси

Т.Асаналиев                                      Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын жетектөөчү адиси

М.Жанбоев                                        Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын башкы адиси

И.Касманбетов                  Ат-Башы райондук мамкаттоо башкармасынын  жетектөөчү адиси

К.Акунов                                             Айыл башчы

анткени , 2017-жылдын  04- апрелинен   баштап, 26.06.2017-жылдан 01.07.2017-жылга чейин , Нарын облусунун  Ат -Башы районунун  Баш-Кайыңды айыл  аймагында  талаага чыгып изилдөө жолу  менен   жалпы  104235,0 гектар аянтына  жер  фондусуна инвентаризациялоо  жүргүзүлдү.

  1. Инвентаризациялоо жүргүзүүдө төмөнкү материалдыр колдонулду.

 

 

— Ат-Башы районунун  Баш-Кайыңды айылдык  округунун административдик  чек араларын тактоо долбоору 2012-ж.;

— Баш-Кайыңды  айыл аймагына кайра  бөлүштүрүү фондусунун (АЖМФ) жерлерин инвентаризациялоо материалдары 2009-ж.;

— Баш-Кайыңды  айыл аймагынын Баш-Кайыңды, Большевик калктуу  конуштарынын чек  араларын тактоо долбоору  2017-ж.;

— Баш-Кайыңды  айыл аймагынын жерди  инвентаризациялоо материалы 1994-ж.;

-Ача-Кайыңды айыл аймагынын 01.01.2016-жылга  карата  түзүлгөн жер отчету:

 

 

  1. Жерди инвентаризациялоонун натыйжалары белгиленген форма боюнча  түзүлгөн отчетто көрсөтүлдү, жер фондусунун экспликациясы тиркелет.

 

 

  1. Жумушчу тобунун корутундусу жана сунушу:

 

  1. Союз убагында курулган сарайлардын кээ бирөө картага түшпөй калгандыктан картага түшүрүү.
  2. «Комплекстин» айланасынан калктуу конушка  киргизип берүүнү  себеби калктын саны  жылдан  жылга   көбөйөт.
  3. Беккари, таштанды төгүүчү жайларды картага түшүрүү.

 

 Жумушчу топтун   (комиссиянын ) жетекчиси:

____________А.Маамаетов

Жумушчу топтун   (комиссиянын ) мүчөлөрү:

____________К.Кадырманбетов

____________Ж.Каналиев

____________Ж.Асеков

____________Ч.Сагындыков

____________Т.Асаналиев

____________М.Жанбоев

____________И.Касманбетов

____________К.Акунов

 

Бул акты 3 нускада  түзүлдү , айыл өкмөтүнө 1 нуска, Кыргыз Республикасынын айыл чарба мелиорация министрлигинин «Кыргызмамжердолбоор» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоор институту мамлекеттик ишканасы Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясына 1 нуска , райондук комиссияга  1 нуска .

Обсуждение закрыто.