Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясынын ТОКТОМУ №1/6

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги 

I сессиясынын

 ТОКТОМУ №1/6

 Баш-Кайыңды айылы                                                                  19 — январь  2018 -жыл

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын ички маанидеги көчөлөрүнө, аянттарга, аялдамаларга, жана башка  жерлерине наам  ыйгаруу  максатында  иштелип чыккан жобону бекитүү жөнүндө.

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын ички маанидеги көчөлөрүнө, аянттарга, аялдамаларга, жана башка  жерлерине наам  ыйгаруу  максатында  иштелип чыккан жобону угуп жана талкуулап  Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

 

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын ички маанидеги көчөлөрүнө, аянттарга, аялдамаларга, жана башка жерлерине наам  ыйгаруу  максатында  иштелип чыккан жобо бекитилсин жана ушул жобого ылайык иш алып баруу жагы белгиленсин. (тиркеме № 1)

 

 

  1. Бул токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага:                                                                    А.Бокоев 


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы  №448 токтомунун  алкагында түзүлгөн Ат — Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айыл аймагынан тиешелүү географиялык обьектилерге (республикалык масштабдагы обьектилерден башка көчөлөр, парктар, суулар, тоолор, аялдамалар ж.б.) ат (наам) берүү боюнча түзүлгөн жобо.

 

1-бөлүм Жалпы жобо

  • Баш-Кайыңды айыл аймагынын ички маанидеги көчөлөрүнө, аянттарга, аялдамага ж.б. жерлерине наам ыйгаруу максатында иштелип чыккан  жобо  (мындан ары жобо).

1.2. Айылдын  көчөлөрүнө же башка обьектилерине наам  ыйгаруу  айылдын  ген. планы негиз болуп саналат.

1.3. Бул жободо  төмөндөгү  негизи түшүнүктөр камтылат:

А) Жол тармагынан элементтери (Регионалдык  жана регионалдар аралык жол тармагынан  сырткары):

-Көчөлөр (аллея, жээктер , тупиктер, көпүрөлөр)

-Аянттар, парктар, бакчалар;

-Аялдамалар

1.4.Географиялык обьектилерди бири биринен айырмалоо жана документтерди сапаттуу жүргүзүү максатында наам ыйгаруу;

1.5.Атты алмаштыруу т.а мурдагы  атын  башка атка которуу.

2-бөлүм. Айыл аймагында обьектилерге ат  же алмаштырууда негизги  талаптар .

2.1. Көчөлөргө  ат ыйгаруу төмөндөгү багытта жүргүзүлөт

-Тарыхый маалыматтарынын  баалуулуктарын чагылдыруу;

-Мамлекетттик — коомдук ишмерлердин, ата-мекендик коргоочуларынын, илим жана маданият  ишмерлеринин, ата мекенге  же айыл аймагына эмгеги зор  жарандардын  атын унуткарбоо (бирок  ат коюу өткөн адамга берилет);

-Айыл аймагында жайгашкан географиялык, улуттук жаратылыштын  өзгөчөлүктөрүн даназалоо багытында жүргүзүлөт;

2.2. Көчөлөргө наам беруу топонимика талаптарын жооп бергидей болушу абзел мисалы: айтууга жеңил, учурдагы кыргыз тилинин стилистик  нормалаарына  дал келгендей болушу керек (адамдардын атынан башка учурда ).

— Көчөлөргө ат берүүдө өтө узун сөздөн турбашы керек, эки башка маанини чагылдырган сөздөр болбошу керек, бир айыл аймагында башка атты кайталабаш керек.

-ат берилүүдө колдонуучу цифралар араб цифрасы  менен көрсөтүлүшү керек Мисалы: 7-апрель ж.б.у.с.

2.3. Атты чагылдырган табличка кыргыз тилинде орус алфавити  менен жазылышы керек, кошумча латын алфавити менен жазса болот (негизги аталышынын  алдына);

2.4. Айрым обьектилердин  атын которуу конкреттүү негиз болушу шарт.

3-бөлүм. Обьектилерге атты ыйгаруу же атты алмаштыруу

3.1. Атты ыйгаруу (ыйгарбоо) же алмаштыруу (алмаштырбоо) айылдык  кенештин чечими менен жүргүзүлөт;

3.2. Атты ыйгаруу же алмаштыруу чечими айыл өкмөтүнүн  башчысынын кароосунан кийин жургузулот т.а. ген. пландагы дал келишпестер  болуп калбашын  тиешелүү  кызматкерлер тастыктагандан кийин гана жүргүзүлөт;;

3.3. Атты ыйгаруу же алмаштыруу сунушу менен төмөндөгүлөр укуктуу:

-Кыргыз Республикасынын бийлик органы (райондук, облустук, республикалык масштаб.)

-Айыл  аймагында каттоодон өтүп  ишмердуулугун  жүргүзүлгөн бардык юридикалык жактар;

-50 дон  кем эмес туруктуу каттоодо турган демилгелүү жарандардын тобу;

-Айыл аймагында бардык жарандык уюмдар (жаштар уюму , аялдар кенеши  ж.б.)

3.4.Демилгечилер  айылдык кеңешке ат берүү, же ат которуу боюнча төмөндөгүдөй  документтердин топтомун тапшырышы керек:

-Ат берүү же которуу сунушу бардык демилгечилердин колу менен;

-Айыл өкмөтүнүн башчысынын  айылдык  проектисине өзгөртүү  киргизүү (ат   коюу же которуу) макулдугунун көчүрмөсү;

-Ат берүү же которуу зарыл болуп  жаткан  фактынын, кеңири мүнөздөмөсү (каржы эсептери)

-Күтүлүүчү кырдаалдарды чагылдырган пландар (мисалы талаш участоктор, бурчтагы тамдар ж.б.)

3.5. Кеңештин төрагасына келип түшкөн докуметтердин топтомунун  топономикалык  комиссияга (жалпы депутаттарга) кароо үчүн алып чыгат;

10 Календарлык күн ичинде депутаттар документтердин топтомунун  ынанымдуулугун текшерип чыгышы зарыл;

3.6. Кароонун жыйынтыгында депутаттар документтердин топтомунун ынамдуулугун  (ынанымдуу эместигинин) текшерип добуш аркылуу ат ыйгаруу (ыйгарбоо) же ат которуу (которбоо) чечимин кабыл алышат;

3.7. Кабыл алынган чечимди (ат ыйгаруу же которуу) тиешелүү органдарга жеткизүү  (М: картага түшүрүү) айыл өкмөтүнүн  тиешелүү адистерине тапшырылат ;

3.8. Ат ыйгарууга же которууга тиешелүү топтолгон документтер  айылдык кеңештин өздүк архивинде сакталат, ал эми тиешеси жок документтер демилгечилерге кайтарып берилет;

3.9. Обьектиге аттын ыйгарылышы же атынын  которулушу  боюнча чечим 3 календарлык  күндөн  кийин күчүнө кирет;

4-бөлүм. Маалымат такталарын  (табличка жасалгалоо) жайгаштыруу тартиби

4.1. Кочодогу имараттарга номер беруу төмөндөгүдөй жүргүзүлөт;:

-Негизги  көчөлөрдөгү имаратка номер берүү райондук  борбор  тараптан башталып жана айылдын борбордук бөлүгүнөн (почта) алганда сол тарабына так эмес ал эми он тарабына так номерлер берилиш керек;

-Негизги көчөлөргө,  туурасынан  кеткен көчөлөргө, имараттарга  номер берүү  райондун борбору  менен байланыштырган көчө тараптан  башталып , так жана так эмес номерлер жогорудагыдай тартипте эле ыйгарылат;

-Имараттарга номер берүү бош участкаларды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек;

-Бурчтагы имаратка (тамга) номер берүү негизги делген  көчө  боюнча  белгиленет. Эгерде кесилишкен көчө бирдей статуста болсо имараттын (тамдын) фасады (дарбазасы) кайсы тарапта болсо  ошол көчөнүн  номери ыйгарылат;

-Маалымат тактаны (табличкадагы) жазуу кара тамгалар  менен жогорудагы көрсөтүлгөн  нормага  ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

Добавить комментарий