Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
ТОКТОМУ № 12/2
Баш-Кайыңды айылы 25- декабрь 2017-жыл
Баш-Кайыңдыайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Финансы бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жайлобай уулу Азаматтын маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу теңдештирилген гранттан жана айыл аймагынын салык булактарынын эсебинен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
Киреше бөлүгү
Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык — 2 627 400 сом
Теңдештирилген грант -6 189 600 сом
Баары: 8 817 000 сом
Чыгаша бөлүгү
Башкаруу аппаратына – 5 461 900
Маданият бөлүмүнө — 962 900
Билим берүү бөлүмүнө — 1737 000
Атайын каражат — 363 000 сом
Экономикалык маселелер (жайыт) — 292 200 сом
Баары: 8 817 000 сом.
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019-2020-жылдарга карата долбоордук сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- 2019-жылга жергиликтүү киреше 2 692 900 (эки миллион алты жүз токсон эки миң үч жүз ) сом , теңдештирилген грант 6 165 300(алты миллион бир жүз алтымыш беш миң үч жүз) сом. Баары 8 858 200 (сегиз миллион сегиз жүз элүү сегиз миң эки жүз) сомго.
- 2020-жылга жергиликтүү киреше 2 764 900(эки миллион жети жүз алтымыш төрт миң тогуз жүз) сом, теңдештирилген грант 5 963 000 (беш миллион тогуз жүз алтымыш үч миң ) сом. Баары 8727900 (сегиз миллион жети жүз жыйырма жети миң тогуз жүз) сомго.
- Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы — экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев