Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги
XI сессиясынын
ТОКТОМУ № 11/6
Баш-Кайыңды айылы 24 — ноябрь 2017-жыл
Баш -Кайыңды айылындагы Чоң Дөбө участкасынын Маамыт уулу Чолпонбек көчөсүнүн түштүк тарабындагы К.Нурманбетов жана Аалы кызы Шекербүбү көчөсүнүн эки тарабындагы 0,15 сотыхтан алган жарандардын огороддорун кайрадан тактоо жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагыларды угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айылынын чыгыш тарабындагы Маамыт уулу Чолпонбек көчөсү менен кесилишкен Аалы кызы Шекербүбү жана К.Нурманбетов көчөсүнүн түштүк тарабындагы турак- жай курууга жер алган жарандардын жер аянттары комиссия менен кайрадан такталсын.
- Турак -жай салууга берилген жер аянттарын кайрадан ченеп тактоо үчүн комиссия түзүлсүн жана жер аянттарын текшерип тактоого Ат-Башы райондук шаар куруу башкармалыгынан Мааметов Боталы жана райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан Акматов Улук катышсын.
- Бул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев