Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын ТОКТОМУ № 11/3

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги 

XI сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 11/3

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                   24 — ноябрь    2017-жыл

 

Большевик айылынын башкы планына өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жана

Баш-Кайыңды айыл аймагынын калктуу конушуна кеңейтүүгө калтырылган эски мончо участкасынын ген планынын схемасын бекитүү  жөнүндө.

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагыларды угуп жана талкуулап  Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Баш — Кайыңды айыл айымагынын айыл өкмөтү Ат-Башы райондук жрге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы жана райондук шаар куруу архитектура башкармалыгы менен Большевик айылынын башкы планына өзгөртүүлөр толуктоолорду киргизүүгө макулдашылсын.
  2. Баш — Кайыңды жана Большевик айылынын калктуу конуштуу кеңейтүү максатында калтырылган жер аянтын жайгаштыруу схемасы бекитилсин.

 

  1. Баш — Кайыңды айылынын эски мончо участкасынан турак жай курууга 0,10 сотых ал эми Большевик айылынан турак жай курууга 0,15сотыхтан калтырылгандыгы белгиленсин.

 

  1. Тиешелүү документтер менен камсыз кылуу жагы Ат-Башы районунун шаар куруу архитектуралык башкармалыгы жана жерге жайгаштыруу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралысын.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.

 

 

 

Төрага:                                                                    А.Бокоев 

Добавить комментарий