Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезектеги
XI сессиясынын
ТОКТОМУ № 11/2
Баш-Кайыңды айылы 24 — ноябрь 2017-жыл
Большевик айылындагы Большевик чыгыш участкасындагы мүрзөнүн түндүк тарабынан калтырылган 2 га жер аянты жөнүндө.
Большевик айылынын депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Большевик айылындагы “Большевик чыгыш” участкасындагы мүрзөнүн түндүк тарабындагы мүрзөгө калтырылган 2 га жер аянты буга чейин пайдаланылып келген айыл тургундарынан алынсын.
- Мүрзөгө калтырылган 2 га жер аянты пайдаланууга жол берилбесин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Большевик айылынын айыл башчысы Акунов Курманбекке жана айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адис Ж.Каналиевге тапшырылсын.
Төрага: А.Бокоев