Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезектеги XI сессиясынын ТОКТОМУ № 11/1

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезектеги 

XI сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 11/1

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                   24 — ноябрь    2017-жыл

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  келишимин бекитүү жөнүндө.

 

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Баш-Кайыңды айыл өкмөтү менен жайыт пайдалануучулап бирикмесинин ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

  1. Бекитилген келишимге ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Кадырманбетовго тапшырылсын.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.

 Төрага:                                                                    А.Бокоев 

Нарын облусунун    Ат-Башы районунун

Баш-Кайыңды айыл аймагынын 2017-жылдагы 24-ноябрындагы   жергиликтүү кеңештин № 11/1 токтому менен          БЕКИТИЛГЕН

Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын                       Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан                                                            Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө                               КЕЛИШИМИ

Баш-Кайыңды айылы                                                                                 24-ноябрь 2017-жыл

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин              2017-жылдын 24-ноябрындагы №11/1 токтомунун негизинде иш жүргүзгөн Нарын облсунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын башчысы Байказаков Бактыбек Чоробекович аркылуу ,

мындан ары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы», бир тараптан, жана

Баш-Кайыңды Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставынын негизинде иш жүргүзгөн  Жайыт комитетинин төрагасы Кадырмамбетов Курманбек Ибраимович  аркылуу, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмеси, мындан ары – «Жайыт пайдалануучулар бирикмеси», экинчи тараптан төмөнкү келишимди түздүк.

  1. Келишимдин предмети

1.1 Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл аймагынын Жергиликтүү өз алдынча аткаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым  укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берет.                     Жайыт жерлеринин жалпы аянты: 55 991 га

             № Жайыт участокторунун аталышы Аянты,га
Ичтеги жаздоолор
1. Сары-Дөбө 1080
2. Орток 315
3. Беш-Салаа 704
4. Чоют 246
5. Сары-Дөбө-2 203
6. Чоң-Булуң 960
7. Кара-Тал 1163
  Баары 4671
Ак-Сайдагы жаздоолор
  Талаа-Булак (Борду) 1047,6
  Тармал-Саз 5778
  Борду 2049,9

 

 

 

  Кош-Көл 766,3
  Талаа-Булак (Муздабас) 6245,6
  Текелик 4687
  Ак-Сайдагы жаздоолор, баары 20574,4
  Ак-Сай өрөөнүндөгү жайлоолор  
  Эки-Чат 1679
  Сур-Теке 4003,2
  Көк-Көл 2436,6
  Кара-Кыр 3059,1
  Сагынбай-Көл 474,8
  Сокур-Булак 1036,9
  Балгынды 3765
  Ак-Сайдагы жайлоолор, баары 16454,6
  Ак-Сайдагы кыштоолор  
  Үңкүр-Өтөк 1755
  Босого-Өтөк 2762
  Кызыл-Агын 3787
  Кара-Бел 1077
  Көк-Бөйрөк 2173
  Сокур-Булак 2737
  Ак-Сайдагы кыштоолор, баары 14291
  Баардык жайыттар 55991

-Сунушталган жайыт жерлеринин картасы  (келишимдин №1 Тиркемеси)

-Жайыт инфраструктурасынын обьектилеринин кабыл алуу-өткөрүү актылары ( келишимдин №2 Тиркемеси) (чабандардын үйү, кой короолор, мал айдап өтө турган жолдор, көпүрөлөр, купкалар) (жайыт инфраструктуралары бар болгондо кабыл алуу-өткөрүү актысы таризделет).

  1. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. жергиликтүү өз алдынча органдарын укуктары:

2.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы-айыл өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

            -Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык  аткарылышын, жана ошондой эле бул максатта берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланышын көзөмөлдөөгө                       -Жайыт пайдалануучулар бирикмеси жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирген мыйзам бузууларды жоюу боюнча жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө

-Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым  укуктарын аткаруу боюнча маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылууга

-Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруунун жыйынтыктары жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча маалыматтарды берүү максатында Жайыт пайдалануучулар

бирикмесинин  отчетторунун формасын бекитүүгө                                                                             -Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга.

2.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы –                              жергиликтүү кеңештин укуктары:

— Милдеттүү түрдө аткарылуучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышы боюнча аткаруу актыларын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алуу                                                                                               -Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды пайдаланууда  мыйзам бузууларды, жайыттарды  жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын жана жылдык планды бузууларды жоюуну талап кылуу                                                                                                        -Жайыт пайдалануучулар бирикмесинен жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган укуктардын аткарылышына байланыштуу маалымат, материалдарды жана документтерди талап кылуу                                                                                                              -Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жана сактоо боюнча алдыңкы методдорду колдонууну сунуштоо

2.4. Жергиликтүү өз алдынча органдардын милдеттери

2.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы –                                    айыл өкмөтүнүн милдеттери:

— Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыздоо үчүн берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө берүү                                                                                                                -Жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдүн үчтөн экисин (2/3) жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамаатттык планга ылайык, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин эсебине которуу                                                      -Жайыт пайдалануучулар бирикмесине методикалык, уюштуруу, концультациялык жана башка жардам көрсөтүү. Жапйыт пайдалануучулар бирикмесин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга керектүү  укуктук, техникалык жана башка  документтер, ошондой эле кеңсе имараты менен камсыздоо                                                   -жылына бир жолудан кем эмес жайыттардын абалына биргелешкен мониторинг жүргүзүү жана баа берүү                                                                                                                          -Жайыт пайдалануучулар бирикмесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу  планына, жылдык жайыттарды пайдалануу планынын жана ушул келишимдин негизинде жайыттарды эффективдүү башкаруу жана пайдаланууга тоскоол болгон аракеттерге жана чечимдерге жол бербөөгө милдеттүү

2.6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы – жергиликтүү кеңештин милдеттери:                                                                                                                                                          — Жайыт пайдалануучулар бирикмеси берген жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планды үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан кечиктирбестен карап чыгуу жана бекитүү.

2.7. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси төмөнкүлөргө укуктуу:

-жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн каралган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды өз учурунда  жана толук көлөмдө өткөрүп берүүсүн талап кылууга.                                                                                                             -жайыт жерлерин өз алдынча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жайыттарды башкаруу жана пайлануу боюнча жамааттардын планына ылайык башкарууга жана пайдаланууга                                                                        -жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн талап кылынган методикалык, уюштуруу, концультациялык жана башка жардамды , ошондой эле керектүү укуктук, техникалык жана башка документтерди, кеңсе имаратын жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдарынан алууга                                                                                                          -жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелерин талкуулоого байланышкан тиешелүү аймакта жайгашкан жергиликтүү кеңештин иш-аракеттерине катышууга жана сунуштарды киргизүүгө                                                                                                                                              -жайыттарды башкаруу жана пайдаланууыйгарым укуктарын аткаруу учурунда кетирилген мыйзам бузууларды жоюу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр боюнча даттануу укугуна ээ.

2.8. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:

-жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамына, жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планына, жайыт жерлерин пайдалануунун жылдык планына жана ушул келишимге ылайык аткарууга.                                -жергиликтүү өз алдынча органы менен биргеликте жайыттардын абылына жылына бир жолудан кем эмес  мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө.                                                          -жайыт билеттерин мыйзамга, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык берүүгө жана жайыттарды мал жаюуга байланышпаган, башка максатта пайлануу боюнча  келишимдерди түзүүгө                                                                                                                -жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдү аныктоого жана жыйноого                                                                                                                   -жайыттарды пайдалануу жана чектерин аныктоого байланышкан жайыт пайдалануучулардын ортосунда келип чыккан талаш-тартыштарды чечүүгө                                   -жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттардын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын өз убагында иштеп чыгып, жергиликтүү кеңешке кароого жана бекитүүгө үстүбүздөгү жылдын 1-февралынан кечиктирбей берүүгө                                 -жайыт которууну, мал жаюу мөөнөтүн жана узактыгын жайытты деградацияга алып келе турган ашыкча жүк келтирбей колдонууга                                                                                   -ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого                                                              -ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдарына  текшерүүлөрдү тоскоолсуз жүргүзүүгө шарттарды түзүп берүүгө                                             -жайыттардын абалы, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктардын аткарылышы жөнүндө отчетту, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолуна маалымат берүүгө                                                                                                                  -жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууга бөлүнүп берилген финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жылына бир жолу финансылык отчет берүүгө

 

 

 

 

 

-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын талабы боюнча жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды  аткарууга байланыштуу маалымат, материалдарды  жана документтерди берүүгө                                                                                                          -Кыргыз Республикасынын мыйзамын. Жайыттарды жамааттык башкаруу жана пайдалануу планын, жайыттарды жайыттарды пайдалануунун жылдык планын жана ушул келишимди бузууну болтурбоого                                                                                                                               -ыйгарым укуктар мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын  аткарууга берилген сарпталбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды  кайтарып берүүгө                                                     -ушул келишимде аныкталган өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп бербөөгө милдеттүү

  1. Тараптардын финансылык мамилелери

3.1. Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөмдү жайыт комитети жыйнайт. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамына ылайык, жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн каражаттар жергиликтүү өз алдынча органдын бюджетине которулат, жана жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн  курамында бекитилет.                                               3.2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарылган  укуктарды  аткаруу максатында, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттин жазылышына ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн үчтөн экиси (2/3) Жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин эсебине которулат. Которулган финансылык каражаттардын суммасы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында / Айыл өкмөтүндө ачылган ЖПБ/ ЖКнын өздүк эсебиндеги акча каражаттарына байланыштуу болот.                3.3. ЖПБнын эсебине акча каражаттарын которуу мөөнөтү ЖК өтүнмөнү берген күндөн тартып 2 күндөн көп эмес убакытты түзөт.                                                                                                3.4. Жайыт пайлануучулар бирикмеси финансылык каражаттарды жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттык планга жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планга  ылайык иш-чараларды каржылоого жумшайт.                                                                                                                                          3.5.Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

  1. Жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына алдындагы отчеттуулугу

4.1. Жайыт пайдалануучулар  бирикмеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына ыйгарылган укуктардын аткарылышы жана аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетторду ушул келишимде белгиленген мөөнөттө тапшырат. Бул отчеттор жергиктүү  кеңеш тарабынан бекитилген.                                     4.2. Ыйгарылган укуктардын аткарылышы тууралуу  отчеттуулук ушул келишимде белгиленген мөөнөттө берилбесе, Жайыт пайдалануучулар бирикмеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартат.

  1. Келишимди колдонууга киргизүү тартиби жана мөөнөтү

5.1. Ушул келишим жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5.2 Ушул келишим белгисиз мөөнөткө түзүлдү.

 

  1. Келишимдин шарттарын өзгөртүү

6.1. Ушул келишимди өзгөртүүгө жана толуктоого тараптардын макулдашуусу боюнча жол берилет.                                                                                                                                       6.2. Ушул келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш тарабынан  бекитилген жана ушул келишимге киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңеш  тарабынан бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.

7.Ыйгарым укуктарды аткарууну  токтотуу негиздери жана тартиби

7.1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине берилген жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары төмөнкү учурлардатоктотулушу мүмкүн.                                                       -келишимди  жараксыз деп табуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде          -жайыттарды  башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын андан ары аткаруу мүмкүндүгүн алып таштоо боюнча ченемдик укуктук акты кабыл алынганда                                  7.2. Ыйгарым укуктарды аткаруу төмөнкү  учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.                                                                                                                                                    -Жайыт пайдалануучулар бирикмеси ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн алган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз пайдаланганда.                                      7.3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу талаптардын биринин демилгеси менен токтотула турган болсо, токтотууну талап кылган тарап экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүүнү жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу күнүнөн 15жумуш күн мурда жөнөтүшү керек.                                                                                                                             7.4. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тара паны 15 жумуш күнү ичинде карап чыгат жана экинчи тарапка билдирүү боюнча кабыл алынган чечимин билдирет.                                                      Экинчи тарап алынган билдирүү боюнча макул болсо, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктары тараптардын макулдашуусуна ылайык токтотулат.                 7.5.Эгерде 30 жумуш күнүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы тууралуу жазуу жүзүндө жооп жок болсо же экинчи тарап жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын аткарууну токтотууга каршы болсо, ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси сот тартибинде чечилет.                                                                  7.6. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын аткаруу токтотулган күндөн тартып, бул ыйгарым укуктарды Жайыт пайдалануучуга ыйгарым укуктарды берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аткарууга милдеттүү.

  1. Тараптардын жоопкерчилиги

8.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандыгы, укуктарды чектегендиги же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн тараптар кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.                                                8.2. Жайыт комитетинин төрагасы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу  ыйгарым укуктарын тийиштүү түрдө  аткаруу, өткөрүлүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттарды максатуу пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин жоболорун так аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.

9.Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

9.1. Ушул келишимден келип чыккан талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жол менен чечүүгө милдеттенишет. Эгер макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, талаш тартыштар сот тартибинде чечилет.

  1. Корутунду жоболор

10.1. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө келишим мамлекеттик жана (же) расмий тилдерде үч нускада түзүлөт, тараптардын ар бири үчүн бирден нуска берилет жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине  мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары маалымат үчүн жөнөтүлөт.                                                                                        10.2.Ушул келишимдин бардык нускалары окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.

 

Тараптардын даректери жана колдору

 Баш-Кайыңды айыл аймагынын                            Баш-Кайыңды айыл аймагынын          айыл өкмөтүнүн башчысы:                                                  ЖПБ төрагасы:                 

_________________________                                       _________________________                            Байказаков Б.Ч                                                                 Кадырмамбетов К.И

  

Айыл өкмөтү                                                                                              ЖПБ/ЖК                               «__»________2017-ж                                                                                  «__»________2017-ж                       __________________                                                                                  __________________


 

Добавить комментарий