Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз X сессиясынын ТОКТОМУ № 10/3

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезексиз 

X сессиясынын

 ТОКТОМУ № 10/3

 Баш-Кайыңды айылы                                                                   15 -сентябрь    2017 -жыл

 Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  караштуу мурунку эски техсервистин (граждын) ордуна  ветеринардык пункт салуу үчүн  0,05 га  жер аянтын бөлүп берүү  жана жайыт комитетине техника алууга бөлүнгөн 580 000 сомдун 250 000 миң сом  акча каражатын  вет.пункттун өздүк салымына бөлүү жөнүндө.

 

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

 

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу мурунку эски техсервистин (граждын) ордуна  ветеринардык пункт салуу үчүн  0,05 га  жер аянты  берүү жагы айыл өкмөтүнүн отурумунда каралсын.
  2. Ветеринардык пункттун өздүк салымына 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты  бөлүнүп берилсин.
  3. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчсы Карыбек уулу Айбекке  тапшырылсын.
  4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон  өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Нарын  облусунун   юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

 

 

 

Төрага:                                                                    А.Бокоев 

Добавить комментарий