Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутатттарынын
XXVII чакырылышынын кезексиз
I — сессиясынын
ТОКТОМУ№ 1/4
Баш-Кайыңды айылы 22 январь 2016 жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер аянттарын пайдалгандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагында Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337- беренесинин 6 пунктуна Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын 26-октябрь 2015-жылдагы № 08-1423 сандуу катына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын катаал климаттык шартын эске алып жер аянттарынын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөртүүсүз калтырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага: Т.Жунусов