Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын
XVIII чакырылышынын кезексиз
IX сессиясынын
ТОКТОМУ № 9/3
Баш-Кайыңды айылы 6-июль 2017 -жыл
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы №5/2 токтомун өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы №5/2 токтомун өзгөртүү максатында Баш — Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы №5/2 токтомунда А.Шадыбеков балдар бакчасына эмерек алуу үчүн каралган 100 000 (бир жүз миң ) сом акча каражаты муктаждык болбой калгандыктан ушул эле бакчанын ремонтуна жумшалсын.
- Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 9-мартындагы №5/2 токтомунда Большевик айылынын Аруузат балдар бакчасына проектисине каралган 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты муктаждык болбой калгандыктан жаңы куруулуучу ФАПтын проектисине жумшалсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев