Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XVIII чакырылышынын кезексиз IX сессиясынын ТОКТОМУ № 9/1

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XVIII чакырылышынын кезексиз 

IX сессиясынын

 ТОКТОМУ № 9/1

 Баш-Кайыңды айылы                                                                            6-июль   2017 -жыл

 Баш-Кайыңды айылынын тургуну Өмүракунов Жаныбектин арызын кароо жөнүндө.

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Өмүракунов Жаныбектин арызын канааттандыруу максатында Баш- Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Баш-Кайыңды айылынын Саз участкасында  жайгашкан эски тегирмендин орду болгон 0,20 га  жер аянты Баш-Кайыңды айылынын тургуну Өмүракунов Жаныбекке кичи ГЭС куруу үчүн 7(жети) жылдык мөөнөт менен пайдаланууга берилсин.
  2. ГЭС курулгандан кийин Баш-Кайыңды айыл аймагындагы социалдык обүектилрге жеңилдетилген шартта электр энергиясын камсыз кылуу жагы каралсын.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
  4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Нарын  облусунун   юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн. 

Төрага:                                                                    А.Бокоев 

Добавить комментарий