Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII- чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын ТОКТОМУ №5/2

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айылдык  Кеңешинин XVIII— чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын

ТОКТОМУ

 Баш-Кайыңды айылы                             №5/2                          13- март  2017-жыл

 Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл  өкмөтүнүн  2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жайлобай уулу Азаматтын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын пикирин угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешитоктом кылат:

 

2017-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмдөрү Республикалык бюджеттен алынуучу  теңтештирилген гранттан жана айылда топтолуучу салык булактарынын эсебинен төмөндөгүйдөй өлчөмдө белгиленсин.

 

Киреше

Жергиликтүү бюджетке алынуучу салык – 2 082 800

Теңтештирилген грант – 6 571 600

Баары:   8 654400

Чыгаша

  • Башкаруу аппаратына – 4 515 933
  • Маданият бөлүмүнө — 1 144 599
  • Билим берүү бөлүмү –2412668
  • Атайын каражт – 261200
  • 704 Экономикалык маселелер (Жайыт) 320 000

Баары    8 654400

 

Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө мыйзамына ылайык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү өлчөмүндө акча каражаты түшүп, тиешелүү статьяларга Кыргыз Республикасынын Министирлигинин 10/1 2007-жылдагы № 09-11/229 буйругунун негизинде берилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg  веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага:                                                         А.Бокоев

Добавить комментарий