Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ТОКТОМУ № 6/4

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XXVII чакырылышынын кезексиз 

VI сессиясынын

 ТОКТОМУ № 6/4

 Баш-Кайыңды айылы                                                                           3 август  2016 жыл

 Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү КБФнын жериндеги Большевик айылындагы 1,5га сугат айдоо жерди пайдаланууда түшкөн арызды кароо жөнүндө.

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү КБФнын жерлеринен 2015-жылы жаштарга деп түз берүү жолу менен 1,5 га жер аянты берилген . Бул жерге 2015-2016-ж.ж. үчүн аренда акы буга чейин төлөнгөн жок жана кароосуздан сугат суусу менен камсыз болбой келген. Ушуга байланыштуу 1,5га жер Баш-Кайыңды  айыл өкмөтүнө өткөрүлүп берилип, 2017-жыл үчүн аукцион  аркылуу ижарага берүү үчүн Айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Большевик айылындагы 1,5га жер аянты айыл өкмөтүнө өткөрүлүп 2017-жыл үчүн аукционго жарыяга берилсин жана 2015-2016ж.ж төлөнбөй келген төлөмдөр айыл өкмөтүнө төлөмдөр өндүрүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткаруу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Ж.Каналиевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                         Т.Жунусов

Добавить комментарий