Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын
XXVII чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 6/2
Баш-Кайыңды айылы 3 август 2016 жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызмат ордун, штаттык бирдигинин сметасын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17- март 2014-жылдагы № 145 токтому, 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына ыйгарым укутарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адис статист кызмат ордун, келишимин бекитүү жөнүндөгү өтүнүчүн угуп жана талкуулап Баш- Кайыңды айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17- март 2014-жылдагы № 145 токтому, 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн -өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде келишими бекитилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке милдеттендирилсин.
Төрага: Т.Жунусов