Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезектеги V сессиясынын ТОКТОМУ № 5/2

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XXVII чакырылышынын кезектеги  

V сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 5/2

Баш-Кайыңды  айылы                                                                           22-июль 2016-жыл

 

 

Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков  атындагы орто мектебинин ысык тамак-ашы үчүн өздүк салымга 200 000  (эки жүз миң) сомду ашканасын ремонттоого бөлүп берүү жөнүндө.

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши  токтом кылат:

 

 

  1. Баш-Кайыңды айылындагы Чыпай Асеков атындагы орто мектебинин ысык тамак ашы үчүн өздүк салымга 200 000 (эки жүз миң) сомду ашканасын ремонттоого бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Нарын  облусунун   юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

 

Төрага:                                                         Т.Жунусов

Добавить комментарий