Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы № 4/2 27-май 2016-жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги бюджетте каралган акча каражаттарына өзгөртүү киргизүү кайра кароо жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги бюджетте каралган акча каражаттарына өзгөртүү киргизүү кайра кароо боюнча Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн негизги бюджетине өзгөртүү киргизилип, мурдагы бекитилген статьядан алынып, муктаждыкка байланыштуу сессияда көрсөтүлгөн 319,0 (үч жүз он тогуз миң) сом акча каражаты төмөндөгүдөй өлчөмдө жана багытта бекитилсин.
- Электр энергияга берилген лимитке жетпей калган акча каражатына-65,0 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.
- Бейиттин (Ж.Дүйшеев көчөсүнүн кесилишине) көчөсүнө шагыл төгүү үчүн — 85 ,0 (сексен беш миң) сом бекитилсин.
- С.Бокоев көчөсүнө шагыл төгүү үчүн — 65,0 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.
- Жунус уулу Куттубай көчөсүнө шагыл төгүү үчүн — 65,0 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.
- Таза сууга – 13,0 (он үч миң) сом бекитилсин.
- Чыпай Асеков мектебинин айланасын тосуу үчүн- 10,0 (он миң) сом бекитилсин.
- Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы орто мектебине холодильник алуу үчүн -16,0 (он алты миң) сом бекитилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.
Төрага: Т.Жунусов