Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз IVсессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы № 4/1 27-май 2016-жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча бюджетине түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын элдин талабына ылайык кайра кароо бөлүү жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча бюджетине түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын элдин талабына ылайык кайра кароо боюнча Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине мергенчиликтен түшкөн 350,9 (үч жүз элүү миң тогуз жүз) сом акча каржатын элдин талабына ылайык төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
- Калмак арыктын жана атайын техника алуу долбоору жактырылсын.
- Жайыт комитетине трактор алууга жана Калмак арыктын ремонтуна өздүк салым үчүн — 350,9 сом акча каражаты каржыланып берилсин
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.
Төрага: Т.Жунусов