Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын
XXVII чакырылышынын кезексиз
III сессиясынын
ТОКТОМУ№ 3/7
Баш-Кайыңды айылы 28 апрель 2016 жыл
Баш — Кайыңды айылынын тургуну Жанусаков Шайлообайдын арызын канатандыруу жөнүндө.
Баш -Кайыңды айылынын тургуну Жанусаков Шайлообайдын Саз участкасындагы жашап турган тамы короо жайы менен жеке менчикке бекитип берүү боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясында угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айылынын тургуну Жанусаков Шайлообайдын Саз участкасындагы жашап турган тамы короо жайы менен жеке менчикке бекитилип берилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго жүктөлсүн.
Төрага: Т.Жунусов