Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын ТОКТОМУ№ 3/4

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын

 XXVII чакырылышынын кезексиз

III  сессиясынын

 

ТОКТОМУ№ 3/4

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                            28 апрель  2016 жыл

 

Баш -Кайыңды айыл аймагынын Бай-Булак  балык чарбасынын башчысы Ашырбаев Канаттын арызын канатандыруу жөнүндө.

 

Баш -Кайыңды айыл аймагынын Саз участкасынан Бай -Булак  балык чарбасынын жер аянтынын ичинен «Артезиан»  суусун чыгарып кичи завод куруу үчүн бир категориядан башка категорияга которуп берүү боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутатттарынын сессиясында угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Баш-Кайыңды айыл аймагынын Саз участкасынан Бай — Булак балык чарбасынын жер аянтынын ичинен «Артезиан »  суусун чыгарып кичи завод куруу үчүн бир категориядан башка категорияга которуп берүү боюнча сунуш берилсин.

 

  1. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Нарын  облусунун   юстиция башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго  жүктөлсүн.

Төрага:                                                        Т.Жунусов

Добавить комментарий