Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутатттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын ТОКТОМУ№ 3/3

Toktom-shapka

Баш-Кайыңды айыл  аймагынын айылдык Кенешинин депутатттарынын

 XXVII чакырылышынын кезексиз

III  сессиясынын

 

ТОКТОМУ№ 3/3

 

Баш-Кайыңды айылы                                                                            28 апрель  2016 жыл

 

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Улуу Ата мекендик согушутун катышуучусу Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун  эстелигин орнотуу, согушутук техника пушканы жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын бюстарын бир жерге топтоо үчүн Маамыт уулу Чолпонбек атындагы  парктын ичинен 0,09 (сотых) жер  аянтын  бөлүп берүү жөнүндө

 

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутатттарынын  сессиясында  угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

  1. Баш-Кайыңды айылынын тургуну Улуу Ата мекендик согушутун катышуучусу Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун эстелигин орнотуу, согушутук техника пушканы жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын бюстарын бир жерге топтоо үчүн Маамыт уулу Чолпонбек атындагы парктын ичинен 4,5 ( сотых) жер аянты  бөлүнүп берилсин.
  2. Улуу Ата мекендик согушутун катышуучусу Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асановдун эстелигин жана согушутук техника пушканы орнотуу үчүн тиешелүү документтерди бүткөрүү жагы  Ат Башы райондук  шаар куруу жана архитектура бөлүмүнөн суралсын.
  3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Нарын  облусунун   юстиция башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды  айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго  жүктөлсүн.

Төрага:                                                         Т.Жунусов

Добавить комментарий