Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы № 3/2 28-апрель 2016-жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын бөлүү жөнүндө.
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын бөлүү боюнча Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин «Финансы бюджет, ишкердикти өнүктүрүү» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Мусакановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Баш-Кайңыды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча булактандан түшкөн 350,9 миң сом акча каржатын төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин.
- Электр энергияга берилген лимитке жетпей калган акча каражатына — 100 000 ( жүз миң) сом бекитилсин.
- Бейиттин көчөсүнө шагыл төгүү үчүн — 80 000 (сексен миң) сом бекитилсин.
- С.Бокоев көчөсүнө шагыл төгүү үчүн — 65 000 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.
- Жунус уулу Куттубай көчөсүнө шагыл төгүү үчүн — 65000 (алтымыш беш миң) сом бекитилсин.
- Таза сууга — 15 000 (он беш миң) сом бекитилсин.
- Чыпай Асеков мектебинин айланасын тосуу үчүн- 10 000 (он миң) сом бекитилсин.
- Большевик айылындагы А.Табылдиев атындагы орто мектебине холодильник алуу үчүн — 15900 (он беш миң тогуз жүз ) сом бекитилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы У.Шадыбековго тапшырылсын.