Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII- чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы №3/1 15-февраль 2017-жыл
Баш-Кайыңды айылдык Кеңештин тармактык комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин айыл чарбасы, жер жана турак жай жаратылышты коргоо, жол жана энергетика боюнча тармактык комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- А.Бекиров- төрагасы
- А.Солтобаев – мүчөсү
- Бектурсун уулу Азамат – мүчөсү
- Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин этика, укук коргоо, мыйзамдуулук жана кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тармактык комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Д.Жумаков – төрага
- А.Искенова – мүчөсү
- А.Жайлообай уулу – мүчөсү
- Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин финансы, бюджет, ишкердикти өнүктүрүү боюнча тармактык комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- А.Жайлообай уулу- төрага
- К.Чоробеков – мүчөсү
- А.Искенова-мүчөсү
- Саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар саясаты, спорт жана башка социалдык маселелер боюнча тармактык комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Б.Каракунов – төрага
- И.Шопок уулу – мүчөсү
- А.Бектурсун уулу – мүчөсү
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Асековго тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев