Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII- чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы №5/1 9-март 2017-жыл
Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбектин 2016-жыл ичинде аткарган ишинин отчету жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши Карыбек уулу Айбектин отчетун угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Карыбек уулу Айбектин 2016-жыл ичинде аткарган ишинин маалыматы берилгендиги белгиленсин жана кийинки сессияга алымча кошумчасы менен отчетун берсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев