Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII- чакырылышынын кезектеги IV-сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы №4/3 24-февраль 2017-жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин кайрылуусу жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы ветеринардык сервистердин кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айылындагы вет.сервистер сунуштаган прейскурантты бекитилсин.
- Баш-Кайыңды айылындагы майда жандыкты (кой, эчкилерди) ваннага салуу вет.сервистин кызматкери Жумакунов Токтомамбетке бекитилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев