Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII- чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын ТОКТОМУ Баш-Кайыңды айылы № 5/4

Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII- чакырылышынын кезексиз

V-сессиясынын

ТОКТОМУ

Баш-Кайыңды айылы                                 № 5/4                                      11-июль 2018-жыл

 

Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнө  кызматтык автоунаа  алуу жөнүндө

Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартибин  сактоо, социалдык маданий маселелер, пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун  угуп жана талкуулап  Баш-Кайынды  айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (балансына) 2002-жылы чыгарылган кузовунун № ХТА21213021695806, кыймылдаткычынын көлөмү 1,7 V ВАЗ-21213 маркасындагы автоунааны кабыл алуу макулдугу берилсин.

 

  1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн мупиципалдык   менчигине  кабыл алуу  Кыргыз Республикасынын  +кмөтүнөн суралсын.

 

  1. Тиешелүү документти бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Карыбек уулу Айбекке милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго тапшырылсын.
  3. Жогорудагы көрсөтүлгөн автоунааны Баш-Кайыңды  айыл өкмөтүндө  нөөмөттүк автоунаа жок болгондуктан кабыл алууга макулдук берилсин.

 

Төрага:                                                                                 А.Бокоев

Добавить комментарий