Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезексиз
VII сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы №7/2 28-апрель 2017-жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун айыл чарбасы багытындагы үлүш жер аянтынан алынуучу жер салыгынын базалык ставкасын көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковдун айыл чарба багытындагы үлүш жер аянтынан алынуучу жер салыгынын базалкы ставкасын көтөрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусу канааттандырылсын.
- Баш -Кайыңды айыл аймагы айыл чарба багытындагы үлүш жер аянттарынан алынуучу жер салыгынын өлчөмү 1 га сугат жер үчүн 96 сом, 2017-жылдын 28-апрель айынан тартып 144 сом болуп көтөрүлсүн жана инфиляциялык коэфицент Кн1-04 кошулуп эсептелип жалпы сумма 150 сом болуп бекитилсин.
- Баалулуктардын сакталышына жоопкерчиликти тартуу жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байказаковго жана башкы эсепчи Карыбек уулу Айбекке милдеттендирилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев