Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII- чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы №3/2 15-февраль 2017-жыл
Баш-Кайыңды айылынын тургундарынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Баш-Кайыңды айылдык Кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
- Башкы адистик кызматта 1,5 жылдан ашык эмгек кодексинин мыйзам талаптарын бузуп иштеп келген Касмалиева Анаранын кызматын чечүү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
- Касмалиева Анарага эмгек кодексинин мыйзам талаптарын бузуу менен төлөнгөн каражаттарды кайра күнөөлүү адамдардан өндүрүү жагы каралсын.
- Кара-Талга 11,5 млн сомго курулган сооруженияларды курууда жана аны эксплуатацияга алып акча төлөөдө мыйзам сакталганын текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлсүн.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев