Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ
Баш-Кайыңды айылы №6/5 28-март 2017-жыл
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Каналиев Жаныбектин кайрылуусун кароо жөнүндө.
Баш — Кайыңды айылдык кеңештин төрагасы Бокоев Абдылдабектин сунушун угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Баш-Кайыңды айыл аймагы боюнча 2017-жылы аукционго коюлуучу жерлерге комиссиянын курамы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
- Асеков Жолдошбек — айылдык кеңештин депутаты
- Бекиров Акылбек — айылдык кеңештин депутаты
- Бектурсун уулу Азамат-айылдык кеңештин депутаты
- Исаев Ишенбай — айылдын тургуну
- Мамаев Бейшеналы — айылдын тургуну
- Мусаев Таалайбек — айылдын тургуну
- Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Каналаиев Жаныбекке тапшырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.bash-kayindy.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага: А.Бокоев